Башкы беткеРубрикаларМаданият жана адабиятБишкекте “Кубанычтуу жаз майрамдары – 2026” аттуу маданий иш-чара өттү

Бишкекте “Кубанычтуу жаз майрамдары – 2026” аттуу маданий иш-чара өттү

Бишкек шаарындагы А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында “Кубанычтуу жаз майрамдары Бишкекте – 2026” аттуу маданий иш-чара болуп өттү.

Иш-чара Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы консулдугу жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулду. Бул иш-чара биринчи жолу өткөрүлүп жаткандыгына байланыштуу ага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев катышты.

Концерттик программа кыргыз-кытай алакасынын ар тараптуу өнүгүшүнө, өзгөчө эки өлкөнүн маданий жана гуманитардык байланыштарын чыңдоого багытталды. Анын алкагында кытай элинин белгилүү элдик ыр-бийлери, салттуу маданий номерлер аткарылып, көрүүчүлөрдүн чоң кызыгуусун жаратты.

Иш-чара элдер ортосундагы достукту бекемдөөгө, маданий баалуулуктарды жайылтууга жана өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүүгө өбөлгө түздү.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар