Башкы беткеМаанилүүТүрк мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө маанилүү

Түрк мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө маанилүү

Түрк мамлекеттеринин уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту. Жолугушуу Стамбулда ТМУ тышкы иштер министрлери кеңешинин бейрасмий жыйынынын алкагында өттү.

ТИМдин маалыматына караганда, Эрдоган министрлерди жылуу кабыл алып, түрк мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал аймактык жана эл аралык актуалдуу маселелер боюнча үзгүлтүксүз диалогдун маанисине токтолуп, уюм алкагындагы көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев президент Садыр Жапаров атынан жылуу саламын жана эң жакшы каалоолорун жеткирди. Ал Түркияны Кыргызстандын маанилүү жана ишенимдүү өнөктөштөрүнүн бири катары атап, эки өлкөнүн достук, өз ара урматтоо жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин сакталууда экенин белгиледи.

Министр ошондой эле Режеп Тайип Эрдоган дипломатиялык жол менен аймактык жана глобалдык чыр-чатактарды чечүү боюнча тынчтык демилгелерин алга жылдырууга кошкон жеке салымын жогору баалады. Ошондой эле Бишкекте өтө турган Шанхай кызматташтык уюму саммитине жана алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык боюнча маалымат берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө жана аймактык жана эл аралык уюмдар алкагында өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө кызыкдар экенин тастыкташты.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар