30-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү тартиби боюнча кошумча түшүндүрмө берди. Маалыматка караганда, айрым жарандар арасында добуш берүү эрежелери боюнча так эмес түшүнүктөр байкалууда.
Шайлоочулар өзү катталган шайлоо округунан катышкан бир гана талапкерге добуш бере алышат. Бюллетеньде бирден ашык талапкерди белгилөө — добушту жараксыз кылат.
Добуштар саналып бүткөндөн кийин, округда эң көп добуш алган үч талапкер депутат болуп шайланат. Ошол эле учурда гендердик баланс сакталууга тийиш: эгер алдыңкы үч талапкердин баары бир жыныстын өкүлдөрү болуп калса, үчүнчү мандат экинчи жыныстагы эң көп добуш алган талапкерге берилет.
Мындан тышкары, шайлоочулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүк ишке киргизилген. Эми жарандар өлкөнүн каалаган аймагындагы шайлоо участогунда добуш бере алышат. Участокто паспорт же «Түндүк» тиркемеси аркылуу идентификациядан өткөн соң, шайлоочунун катталган аймагына ылайык бюллетень басылып берилет. Добуш берүү жыйынтыгы автоматтык түрдө ошол аймакка эсептелет.
Шайлоо органдары бул маалыматты жарандар арасында бөлүшүүнү суранууда


