«Түрк дүйнөсү» концепциясы. Эрдоганга тартууланган “Мисмилдирик”

0
11186

Кечээ Анкара шаарында «Түрк дүйнөсү» концепциясынын презентациясы болду. Түрк тилдүү элдердин жалпы улуу мурасын жана цивилизациялык бай тажрыйбасын бул концепция жаңы доордо орток келечек курууга багыт болот деп билдирди презентацияны ачып жатып Түрк Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган. «Түрк дүйнөсү» концепциясынын бет ачар аземи Түркиянын бийликтеги Адилеттик жана өнүгүү партиясынын конгресс-борборунда өттү. Түрк лидери Анкара түрк боордош мамлекеттер менен сооданын көлөмүн жакынкы келечекте 60 млрд, он жыл ичинде 100 млрд долларга жеткирүүгө ниети жана дымагы бар экенин белгиледи.

Аталган презентацияга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев мырза катышты.

Презентациянын катышуучулары концепциянын негизги жоболорун колдоп, айрыкча энергетикалык коридорлордун, логистикалык маршруттардын жана санарип инфраструктуранын интеграциясы түрк дүйнөсүн бириктирүүчү фактор экенин белгилешти. Албетте, аталган тармактардагы интеграция түрк дүйнөсүн глобалдык экономикалык күчкө айлантууга өбөлгө болмокчу, бирок татаал процесс. Инфраструктуралык интеграция өнүгүүнүн фактору гана эмес, түрк мамлекеттери үчүн чоң муктаждык дагы экени талашсыз.

Презентациянын жүрүшүндө мамлекеттик катчы, Кыргыз эл жазуучусу Арслан Капай уулу Койчиев өзүнүн “Беделдеги каргыш (Мисмилдирик”) романынын түрк тилиндеги котормосун президент Режеп Тайип Эрдоганга белекке берди.

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз