Бүгүн Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттары ант берип, төш белгилерин алышат

0
3841

Бүгүн, 17-декабрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын ант берүү аземи өтөт. Иш-чаранын алкагында Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жаңы шайланган эл өкүлдөрүнө депутаттык күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырат.

Эске салсак, БШК 12-декабрда 29 көп мандаттуу округдан шайланып келген 87 депутатты каттоо жөнүндө токтом кабыл алган. Алардын 58и эркек, 29у аял депутаттар.

Белгилей кетүүчү жагдай, №13 көп мандаттуу округда өткөн шайлоонун жыйынтыгы мыйзам талаптары сакталбагандыгына байланыштуу жокко чыгарылган. Жалпысынан Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат.

Мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоого 589 жаран талапкер катары көрсөтүлүп, алардын 63ү арызын кайтарып алган, 56 талапкерге каттоодон өтүүдөн баш тартылган, ал эми 10 талапкердин каттоосу жокко чыгарылган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз