Бишкектин 2050-жылга чейинки өнүгүү багыттары талкууланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планынын долбоорун талкуулоого арналган кеңешме өткөрдү.

Кеңешмени ачып жатып, Адылбек Касымалиев Башкы план борбор калаанын узак мөөнөттүү социалдык-экономикалык жана аймактык өнүгүүсүн аныктаган негизги стратегиялык документ экенин белгиледи. Анын айтымында, долбоор коомчулуктун чоң кызыгуусун жаратып жаткандыгы ачык жана ар тараптуу талкуунун, жарандардан түшкөн сунуштарды эске алуунун жана мүмкүн болуучу тобокелдиктерди алдын ала баалоонун маанилүүлүгүн көрсөтөт.

«Шаардын туруктуу өнүгүүсү, тургундардын жашоо сапаты жана коопсуздугу, ресурстарды натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле Бишкектин инвестициялык жагымдуулугу Башкы пландын сапатына түздөн-түз байланыштуу. Бул процессте жашыл аймактарды жана тарыхый-маданий мурастарды сактоо, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу негизги талап болушу керек», — деди Министрлер Кабинетинин төрагасы.

Кеңешменин жүрүшүндө 2024-жылы жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформанын натыйжасында Бишкек шаарынын аймагы 25 707,3 гектарга кеңейип, жалпы аянты 41 032,67 гектарга жеткени белгиленди. Калктын саны 132 миңден ашык адамга көбөйүп, расмий эсеп боюнча 1,3 миллионго жакындады. Адистер урбанизациянын активдүү жүрүшүн эске алуу менен иш жүзүндөгү калк саны мындан да жогору болушу мүмкүн экенин белгилешти.

Ошондой эле учурда Бишкек көчө-жол тармагынын ашыкча жүктөлүшү, транспорт тыгындары, жашыл зоналардын жана эс алуу жайларынын жетишсиздиги, инженердик-коммуналдык инфраструктуранын эскириши жана баш аламан курулуш сыяктуу бир катар системалуу көйгөйлөргө туш болуп жатканы айтылды. Бул факторлор шаардык чөйрөнүн сапатына жана тургундардын жашоо шарттарына терс таасирин тийгизүүдө.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Башкы пландын долбоору 2025-жылдын октябрь айында коомдук талкууга коюлганын маалымдап, ушул убакка чейин 300дөн ашуун сын-пикир жана сунуштар келип түшкөнүн билдирди. Алар документти тактоо жана жакшыртуу процессинде эске алынат.

Ал эми Башкы планды иштеп чыккан Санкт-Петербург шаарындагы Перспективалуу шаар куруу илимий-изилдөө институтунун өкүлдөрү шаардын учурдагы абалы, демографиялык өзгөрүүлөр жана Бишкектин 2050-жылга чейинки өнүгүүсүнүн негизги багыттары боюнча кеңири аналитикалык презентация сунушташты. Анда транспорттук, социалдык жана инженердик инфраструктураны өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз