“Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорунун жалпы баасы 4,7 миллиард АКШ долларын түзөт. Долбоорду каржылоого байланыштуу насыялык макулдашууга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты.
Маалыматка ылайык, долбоордун 2,3 млрд долларын Кытай тарабы 35 жылдык мөөнөткө насыя катары берет. Бул каражат Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан биргелешип түзгөн долбоордук компания аркылуу өздөштүрүлүп, үч өлкө тарабынан чогуу төлөнөт. Калган 2,3 млрд долларды үч мамлекет өз үлүштөрүнө жараша каржылайт: 51% – Кытай, 24,5% – Кыргызстан, 24,5% – Өзбекстан.
Бакыт Төрөбаевдин айтымында, инвестициялык макулдашууга ылайык каржылоо маселеси 2025-жылдын 20-декабрына чейин толук чечилиши керек болчу жана бул талап азыр аткарылды. Анын белгилешинче, бул үч өлкөнүн ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин көрсөтөт.
Белгилей кетсек, темир жол курулушу техникалык жактан өтө татаал болуп саналат. Долбоордун алкагында 120 чакырымды түзгөн 50 көпүрө жана 29 туннель курулат. Бул темир жолдун болжол менен 40%ы көпүрө жана туннелдерден турарын билдирет. Кыргызстандын аймагындагы темир жолдун узундугу 304 чакырымдан ашат.
Эске салсак, “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолунун курулушуна расмий старт 2024-жылдын 27-декабрында берилген. Долбоор Борбор Азиянын транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, аймактык соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого багытталган ири стратегиялык демилге катары бааланууда.


