Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун аймагында онкологиялык оорулуу балдардын ата-энелери үчүн атайын жатак жай куруу пландалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов борбордун балдар онкология бөлүмүнө барган учурда билдирди.
Анын айтымында, жаңы жатак жай аймактардан келип, балдары узак мөөнөттүү дарылануудан өтүп жаткан ата-энелер үчүн арналат. Бул демилге дарылоо учурунда ата-энелерге ыңгайлуу шарт түзүп, алардын социалдык түйшүгүн жеңилдетүүгө багытталган.
Министрдин милдетин аткаруучу белгилегендей, жатак жай куруу маселеси Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен учурда тиешелүү органдар тарабынан иштелип жатат.
Жаңы объекттин курулушу балдар онкологиясы тармагындагы социалдык колдоону күчөтүп, бейтап балдар менен алардын ата-энелерине көрсөтүлүүчү жардамды кеңейтүүгө өбөлгө түзмөкчү.


