Бүгүн, 17-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VIII чакырылышынын биринчи сессиясынын биринчи жыйынынын ачылыш аземи болуп өттү. Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Адылбек Касымалиев баштаган Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү катышты.
Жогорку Кеңештин Регламентине ылайык, алгачкы жыйын парламенттеги жаш курагы боюнча эң улуу депутат Гүлай Машрапованын төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни менен ачылды.
Жыйында сөз сүйлөгөн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасы Тынчтык Шайназаров көп мандаттуу 30 округда өткөн шайлоонун жыйынтыгы таанылганын билдирди. Анын маалыматына ылайык, 29 округдан 87 талапкер депутаттык мандатка ээ болгон, ал эми №13 округдагы шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылган.
Андан соң БШК төрагасы жаңы шайланган депутаттарга күбөлүктөрдү жана атайын үлгүдөгү төш белгилерди тапшырып, депутаттар салтанаттуу түрдө ант беришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, депутаттарды элдин ишенимине ээ болуп келгендиги менен куттуктады. Өлкө башчысы элге жана мамлекетке ак кызмат кылуунун маанилүүлүгүнө токтолуп, ар бир депутат берген антына бекем туруп, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн жоопкерчилик менен иш алып барышы керектигин белгиледи.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо ушул жылдын 30-ноябрында өткөн.


