АКШнын президенти Дональд Трамп АКШга кирүүгө тыюу салынган өлкөлөрдүн тизмесин кеңейтти. Жаңы чечимге ылайык, Буркина-Фасо, Мали, Нигер, Түштүк Судан жана Сириянын жарандарына АКШ аймагына кирүүгө тыюу салынды. Ошондой эле Палестина администрациясы тарабынан берилген документтер менен жүргөн жарандарга да чектөө киргизилди.
Мындан тышкары, дагы 15 мамлекеттин жарандарына карата кошумча чектөөлөр киргизилди. Алардын катарында Ангола, Антигуа жана Барбуда, Бенин, Кот-д’Ивуар (Берег Слоновой Кости), Доминика, Габон, Гамбия, Малави, Мавритания, Нигерия, Сенегал, Танзания, Тонга, Замбия жана Зимбабве бар.
Эске салсак, июнь айында эле Афганистан, Мьянма, Чад, Конго Республикасы, Экватордук Гвинея, Эритрея, Гаити, Иран, Ливия, Сомали, Судан жана Йемендин жарандарына АКШга кирүүгө тыюу салынган. Ошондой эле Бурунди, Куба, Лаос, Сьерра-Леоне, Того, Түркмөнстан жана Венесуэладан келгендер үчүн чектөөлөр күчөтүлгөн. Кийинчерээк Түркмөнстанга карата айрым талаптар жумшартылганы кабарланган.
Жаңы чектөөлөр АКШга турист катары барууну каалагандарга да, туруктуу жашоо үчүн көчүп барууну пландагандарга да тиешелүү экени белгиленди.


