Муздан салынган мейманканалар ишке кирди

0
1868

Түндүк жарым шарда кыш түшөрү менен муздан курулган мейманканалар кайрадан эшигин ачты. Канададан тартып Финляндиянын Лапландиясына, ал тургай Швейцариядагы Церматтка чейин жайгашкан бул өзгөчө отелдер ар бир кышта нөлдөн баштап курулуп, жаз келери менен эрип кетет.

Муз мейманканалар — инженердик чеберчиликтин, искусствонун жана люкс-туризмдин айкалышы. Алар жөн гана муздан оюлган бөлмөлөр эмес, толук кандуу убактылуу экспозициялар катары кабыл алынат. Айрым жайларда муз китепканалары, муз ресторандары жана Түндүк жарыгын (аврора) көрүүгө ылайыкташкан атайын бөлмөлөр бар.

Мисалы, Швециянын түндүгүндөгү ICEHOTEL 36 мейманканасында 12 люкс бар жана ар бири өзүнчө көркөм идея менен жасалган. Айрым номерлерде дубалдарына муздан оюлган китеп текчелер орнотулса, башкаларында скульптуралар абада калкып тургандай таасир калтырат.

Коноктор муз керебеттерде укташат, бирок жылуулукту сактаган матрастар жана термоспальный каптар берилет. Ички температура орто эсеп менен −5 °C болгондуктан, дааратканалар жана кийим алмаштыруучу жайлар жанындагы жылытылган имараттарда жайгашкан. Келгендерге жылуу кийим да сунушталат.

Финляндиядагы Apukka Resort айнек чатырлуу, жылытылган иглулары менен белгилүү — алар Түндүк жарыгын түздөн-түз керебеттен көрүүгө мүмкүндүк берет. Ал эми Канададагы Hôtel de Glace муз номерлерин сауна, джакузи жана ар кышта жаңыланып туруучу тематикалык люкстар менен айкалыштырат.

Мындай мейманканаларда бир түнөк үчүн баалар орто эсеп менен 400 евродон башталат. Кымбаттыгына карабастан, муз отелдери кышкы туризмдин эң кызыктуу жана унутулгус тажрыйбаларынын бири катары дүйнө жүзүнөн саякатчыларды тартууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз