Башкы беткеРубрикаларДен соолукБоор алмаштыруу операциясы мамлекеттик бейтапканада ийгиликтүү жасалды

Боор алмаштыруу операциясы мамлекеттик бейтапканада ийгиликтүү жасалды

Боорду алмаштыруу операциясы мамлекеттик ооруканада дагы ийгиликтүү ишке ашты. Бул тууралуу Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын белгилөөсүндө, операция Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунда жүргүзүлдү.

“Донор катары бейтаптын 20 жаштагы уулу катышты. Учурда донор да, реципиент да дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалдары жакшы. Буга чейин Президенттин колдоосу менен Кыргызстандагы жеке клиникаларда жасалган болчу”, — Орунбеков.

Ошондой эле Дайырбек Орунбеков мындай жетишкендик өлкөдө саламаттык сактоо тармагында жүрүп жаткан реформалардын натыйжасы экендигин белгиледи.

“Акыркы жылдары тармакка бөлүнгөн каржылоонун көлөмү көбөйүп, медицинанын мүмкүнчүлүктөрү кеңейүүдө. Апрель айынан тарта дарыгерлердин айлык маянасы дагы 100% жогорулады, жакында врачтар көбөйгөн айлыктарын колуна алышат. Адамдын ички органдарын, бөйрөктү алмаштыруу операциялары дагы мамлекеттин каржылоосу менен жүргүзүлүүдө. Буга чейин боор, бөйрөк жана ички органдарды алмаштыруу операциялары чет өлкөдө ири суммадагы акча каражаттарына жасалчу. Азыр мамлекет камкордугуна алган. Саламаттык сактоону өнүктүрүү – Президент Садыр Нургожоевичтин артыкчылыктуу негизги багыттарынын бири болуп саналат”, — деп кошумчалады.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар