Түркиянын Измир шаарында Кыргызстандын инвестициялык жана ишкердик мүмкүнчүлүктөрүн таанытууга багытталган иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу маалымдады.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода алакалары, экспорттук мүмкүнчүлүктөр, кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары жана инвестициялык долбоорлор тууралуу кеңири маалымат берилди.
Иш-чаранын алкагында катышуучулар тарабынан презентациялар көрсөтүлүп, конкреттүү долбоорлор жана өнөктөштүк багыттары боюнча баяндамалар жасалды.
Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу Чыңгыз Токтобеков мындай форматтагы жолугушуулар эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарын чыңдоодо маанилүү роль ойной турганын белгиледи. Анын айтымында, бул сыяктуу иш-чаралар ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, өз ара инвестицияларды көбөйтүүгө жана туруктуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө шарт түзөт.
Жолугушуу суроо-жооп форматында уланып, катышуучулар пикир алышып, келечектеги кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

