Башкы беткеРубрикаларЭкономикаКыргызстан-Германия кызматташтыгы: соода жүгүртүү өстү

Кыргызстан-Германия кызматташтыгы: соода жүгүртүү өстү

Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы соода жүгүртүүсү соңку жылдары 5-10 эсеге өстү. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2022–2025-жылдар аралыгындагы элчиликтин ишмердүүлүгүнүн алкагында Германиянын Кыргызстанга болгон кызыгуусу кыйла жогорулаган. Өзгөчө саясий жана экономикалык багыттарда кызматташтык активдешкен.

«2018-жылы соода көлөмү 70–80 миллион доллардын тегерегинде болсо, акыркы жылдары ал 5-10 эсеге өстү. Бул геосаясий кырдаалдын өзгөрүшү жана өлкөлөрдүн приоритеттеринин жаңыланышы менен байланыштуу», — деди Текебаев.

Элчинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын статистикасы боюнча 2023-жылы эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 429 миллион долларды түзгөн. Ал эми Германиянын расмий маалыматтарында бул көрсөткүч 703 миллион долларга жеткен.

Ошол эле учурда акыркы мезгилде соода көлөмүнүн бир аз төмөндөшү байкалууда. Бул, элчинин пикиринде, санкциялык режимдин өзгөрүшүнө байланыштуу болушу мүмкүн.

Мындан тышкары, 2023-жылдан тарта соода жүгүртүү 2,5 эсеге өсүп, 250 пайыздык өсүш катталган.

Гезит

Салык системасындагы реформалар

          Мамлекеттик салык кызматы бүгүнкү күндө терең институционалдык трансформация баскычынан өтүүдө. Мамлекет акырындап басымга негизделген эски моделден чыгуу менен, экономиканы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар