Башкы беткеСаясат жана коомКоомМамлекеттик кызматкерлердин сүйлөө жана жазуу маданияты боюнча кереге кеңеш

Мамлекеттик кызматкерлердин сүйлөө жана жазуу маданияты боюнча кереге кеңеш

Бүгүн Бишкекте «Жаңы технологиялар доорунда мамлекеттик кызматта сүйлөө жана жазуу маданияты» аталышындагы тегерек стол болуп өттү.

Жалпы улуттук “Кыргыз Туусу” гезити демилгелеген бул актуалдуу иш-чараны Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги жана Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы биргелешип уюштурду. Кереге кеңешти “Кыргыз Туусу” гезитинин баш редактору Алмаз Кулматов алып барды жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн жазуу жана сүйлөө маданияты, дегеле кеп маданияты боюнча тематьиткалык семинарларды, атайы окуу курстарын уюштуруу зарыл экендиги баса белгиледи.

Иш-чарага министрликтердин орун басарлары, маалымат катчылары жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышышты. агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев ачып, мамлекеттик кызматкердин коом алдындагы жоопкерчилиги, жүрүм-туруму жана коммуникациялык маданияты бүгүнкү күндө өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи. “Кыргыз Республикасынын Президентти Урматтуу Жапаров Садыр Нуркожоевич өлкөбүздү өнүгүүгө жетелеп бара жатканда, биз да тилди таза кармоо, мамлекеттик иш кагаздарын туура жана маданияттуу жүргүзүү, элге сылык мамиле кылуу, патриоттуулук менен иштөө аркылуу өз салымыбызды кошушубуз керек. Бул – биздин жарандык парзыбыз”- деп билдирди Базарбаев.

Иш-чаранын жүрүшүндө филолог окумуштуулар Замира Дербишева, Гүлзада Стамалиева жана Кемелгазхы кызы Назгүл тарабынан даярдалган мамлекеттик кызматкерлердин оозеки жана жазуу маданиятынын актуалдуу проблемалары боюнча презентациялар көрсөтүлүп, адистер тарабынан терең жана так түшүндүрмөлөр берилди. Катышуучулар мамлекеттик жана расмий тилдин туура колдонулушу, сүйлөө жана жазуу нормалары, жарандар менен натыйжалуу баарлашуу жолдору, дегелде сөз маданияты тууралуу пайдалуу маалыматтарды алышты.

Талкуунун соңунда министрликтердин орун басарлары жана өкүлдөрү мындай иш-чаралардын практикалык мааниси чоң экенин айтып, өз министрликтеринде дагы ушул темадагы окутууларды өткөрүп берүү  ниетин билдиришти.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар