Президент Садыр Жапаровдун “Юбилейлик Ысык–Көл эл аралык форумун өткөрүү тууралуу” тескемесине ылайык түзүлгөн уюштуруу комитетинин биринчи жыйыны эртең «Ынтымамк Ордодо” өтө турганы белгилүү болду.
Президенттин тескемесинде Улуу гуманист жана дүйнөгө таанымал жазуучу, ойчул Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен 1986-жылы негизделген “Ысык –Көл эл аралык шеринесинин 40 жылдыгына байланыштуу, бул шериненин баалуу мурастарына таянып, дүйнөлүк масштабдагы актуалдуу чакырыктарга жооп издөө максатында мазмундуу сүйлөшүүлөрдү, акыл калчаган талкууларды активдештирүү максатында интеллектуалдардын юбилейлик Ысык–Көл эл аралык форумун 2026-жылы июнь айында өткөрүү белгиленген. Президент Садыр Жапаров Кытайдын Тяньцзинь шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитиндеги расмий сөзүндө да Ысык-Көлдөгү эл аралык интеллектуалдык форуму келерки жылы өтө турганын ШКУнун лидерлерине арналуу кеп кылды.
Форумду даярдоо жана өткөрүү боюнча түзүлгөн уюштуруу комитетин Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектейт. Уюштуруу комитетинин биринчи жыйында бул маанилүү форумга даярдык иштеринин планы каралмакчы.

