Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында Дүйнөлүк банктын колдоосу менен курулган заманбап мектептер пайдаланууга берилди. Объекттерди Кыргыз Республикасынын Президенти онлайн режимде ачып, 30-августта ӨКМ жана Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү жеринде текшеришти.
ӨКМнин биринчи орун басары Азамат Мамбетов белгилегендей, республика боюнча 40 мектеп курулуп жатат жана негизги максат – жер титирөө учурларында окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу.
Жаңы мектептер:
-
№125 Боболашкар мектеби (Ош облусу) – 225 орундуу, химия-физика кабинети, китепкана, лифт жана пандустар менен жабдылган.
-
№103 Садда айылы мектеби (Жалал-Абад облусу) – 150 орундуу, заманбап жабдуулар, спорт жана лабораториялык инвентарь менен камсыздалган.
Мектептер жаратылыш кырсыктарына туруктуу, энергонатыйжалуу технологиялар менен курулуп, заманбап санитардык шарттар жана ички дааратканалар менен камсыздалган.
Дүйнөлүк банктын өкүлү Хью Ридделл бул долбоор билим берүүдө коопсуз жана туруктуу шарттарды түзүүгө маанилүү салым экенин белгиледи.

