Башкы беткеМаанилүүУКМК социалдык объекттин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын аныктады

УКМК социалдык объекттин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын аныктады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурда бала бакча жайгашкан жер тилкесинин мыйзамсыз менчиктештирилгенин аныктады.

1953-жылы курулган эки кабаттуу бала бакчанын аймагы 1990-жылдары жеке тараптын менчигине өтүп кеткен. Учурда бул жерге көп кабаттуу турак жайлар салынгандыктан, аларды бузуу мүмкүн эместиги белгиленди.

Буга байланыштуу мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкесинин наркын эске алуу менен мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруунун эсебине, баасы 54 млн 490 миң сомду түзгөн, жалпы аянты 600 чарчы метрлүү 7 батир мамлекеттин менчигине алынды.

УКМК социалдык объектилерди мыйзамсыз менчиктен кайтаруу боюнча иш-чараларды улантууда.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар