Башкы беткеРубрикаларАймактарЧүйдө балык чабагын өндүрө турган комплекс ачылды

Чүйдө балык чабагын өндүрө турган комплекс ачылды

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Гроздь айылында форель жана осетр балыгынын чабагын өндүрө турган инкубациялык комплекс ачылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

“Салих Аква” балык чарба комплексинин ачылышына айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев катышкан.

Форель жана осетр тукумундагы балык урук (икра) инкубациясына ылайыкталган комплекс бир инкубациялык цикл ичинде 1 миллион балыктын чабагын өндүрүүгө жөндөмдүү.

Комплекстин курулушуна 576 миң доллар сарпталган. Аны Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду каржылаган.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар