whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
25.05.2025
21.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАйыл чарбаКооператив жана анын келечеги

Кооператив жана анын келечеги

“Кыргыз Туусу” гезитинде “Кооператив түзүү жана анын келечеги” аталышындагы кереге кеңеш өттү. Ага Суу ресурстары айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаментинин директору Нурлан Кожогулов, мурдагы айыл чарба министри Карыпбек Асанов, Ак-Суу айылындагы “Отуз уул” кооперативинин өкүлү Аскарбек Сулайманов, Кредитттик союздар ассоциациясынын төрагасы Абдилашим Исраилов, Кредиттик союздар компаниясынын директору Өмүрбек Кожеков, айыл чарба продукцияларын өндүрүүдөгү инновациялык проекттер боюнча консультант Манас Саматов, Кредиттик союздар ассоциациясынын өкүлү Алымбек Эрдөөлөтов катышты. Кереге кеңешти гезиттин редакторунун орун басары Керим Айдаров алып барды.

Керим АЙДАРОВ:

– Саламатсыздарбы урматтуу коноктор, биздин редакция ар кайсы тармактын өкүлдөрү менен талкуу аянтчасын уюштуруп, аны “Кереге кеңеш” деп атап алганбыз. Буга чейин да бир нече талкууларды өткөрдүк. Бул жолу айыл чарбасын, анын ичинде учурда актуалдуу болуп жаткан кооператив түзүү маселесин талкуулайлы деп турабыз. Кооператив боюнча кереге кеңеш өткөрүү негизинен министрликтин сунушу болчу. Мына бүгүн министрликтин тийиштүү адистеринин катышуусунда жыйынды өткөрүүнү туура көрүп отурабыз.

Анда сөздү министрликтин өкүлү Нурлан мырза сизге берсек. Кооператив түзүүнүн зарылчылыгы эмне себептен келип чыкты жана ага жасалган аракеттер кандай аткарыла баштады?

Нурлан КОЖОГУЛОВ:

– Кооперация бул  учурдун негизги талаптарынын бири болуп калды. Бүгүнкү күндө 500 миңге жакын айыл чарба субъекттери пайда болду. Бул айыл чарба кооперативдери, дыйкан чарбалар, ишкерлер, компаниялар ж.б. Жылдан жылга бул тенденция өсүп жатат. Жер үлүштөрү майдаланып, субъекттердин саны көбөйгөнү менен, бүгүнкү күндө жаңы технологияларды киргизүү боюнча иш алдыга жылган жок. Себеби, чакан чарбалардын базасында мындай иштерди алып баруу мүмкүн эмес. Ошондуктан, президент Садыр Жапаровдун айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча жарлыгы чыккан. Анын эң башында айыл чарбасын кооперациялоо боюнча тапшырмалар берилген. Бул багытта буга чейин деле иштер жүргүзүлүп келген, жарлык чыккандан кийин дагы иштерди улантуудабыз. 2023-жылы айыл чарбасын кооперациялоо боюнча мамлекеттик программа кабыл алганбыз. Ошол программанын негизинде бир катар иш чаралар бекитилген. Бул кооператив түзүүгө багыт берүү, аны колдоо, ресурстук камсыздоо, финансы-насыялык жактан камсыздоо, андан сырткары кадрларды даярдоо боюнча бир катар тапшырмалар берилген. Мына ошолор ишке аша баштады. Министрлер Кабинетинин №309 чечими менен айыл чарба кооперативдерине мамлекеттин карамагындагы айыл чарба жерлерин конкурстан сырткары берүү артыкчылыгы берилди. Акыркы 3 жыл ичинде 17 миңден ашуун гектар айыл чарба жерлери кооперативдерге ижарага берилди. Андан сырткары, каржы маселесин чечүү боюнча МинКабдын токтому менен бириккен айыл чарба өндүрүүчүлөрүн каржылоо долбоору ишке кирди. Анын алкагында 4 млрд. сомдон ашуун каражат каралып, биринчи кезекте айыл чарба кооперативдерине, биргелешкен компания же ЖЧК болуп түзүлгөн айыл чарба субъекттерин каржылоо жүрүп жатат. Ал боюнча 6 пайыздык чен менен  5 жылдык мөөнөткө насыя берилүүдө. Класстер жолун өнүктүрүү боюнча айыл чарба комплексин каржылоо боюнча долбоор да 3 жылдан бери иштеп жатат.

МинКабдын чечимдери менен мурунку чарбалардан калган инфраструктура түзүмдөрүн, кампаларын, оңдоочу базаларын, МТСтерди түзүү багытында дагы жардамдар берилүүдө. Кооперацияны түзүүдө лидерлер керек, ошолорду жетектеп кете турган адистерди даярдоо керек. Андан сырткары Каржы министрлигине, Экономика министрлигине продукцияны өндүрүүдө, сатып алууда, кайра иштетүүдө дагы жардамдар каралган. Бул боюнча дагы бир катар иштер жүрүп жатат. Кооперацияны түзүүдө, анын ишин алып кетүүдө жеринде бир катар тоскоолдуктар бар. Биринчи кезекте биздин дыйкандардын экономикалык абалы ар түрдүү. Мисалы, жакшы ишкердик кылып кеткендер кооперативге биригүүгө макул эмес. Жергиликтүү социалдык, коррупциялык жагдайлар дагы бар экен. Жерди бөлүштүрүүдө, аны кооперативге бириктирүүгө каршы болгон топтор, айылдык кеңештин депутаттары да бар. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнөн тоскоолдук кылгандар, криминалдык элементтер кийлигишкен учурлар да болуп жатат. Мурда кооперативге биригип, бирок, банкрот болуп калгандар дагы бар экен. Мына ушулардын баарынан жыйынтык чыгарышыбыз керек.

Бүгүнкү күндө негизги багыт жерди, сууну, техниканы натыйжалуу пайдалануу. Ал менен гана чектелип калбай, сапатка дагы басым жасап, экспортко жетиштүү көлөмдү бергенге аракеттенишибиз керек. Мунун бирден бир жолу кооперативди өнүктүрүү болуп саналат, андыктан биз 3 жылдан бери тынымсыз иштеп жатабыз.

Карыпбек АСАНОВ:


– Ирилештирүү маселеси 30 жылдан кийин кайра жаралып жатат. Кооператив түзүүнүн максаты эмне, биргеликте сапаттуу продукцияны көлөмдүү деңгээлде чыгаруу. Менин жеке пикиримде эгемендүүлүк алгандан бери жашылча, мөмө жемиш өндүрүүдө жеке чарбалар жакшы эле өнүктү. Аларга мындан дагы жакшы иштеши үчүн шарт түзүп бериш керек. Негизги стратегиялык азык-түлүктөрдөн буудай, жүгөрү, кызылча, эт, сүт өндүрүү жагында ирилешүү туура болот.

Айыл чарбасын реформа кылабыз деп, бир кездери уяң жүндүү 10 млн. койду жок кылдык. Асыл тукум “Ала Тоо” породасындагы уйларды,  “Жаңы кыргыз” породасындагы жылкыларды жоготуп алдык. Кошуна мамлекеттерди алсак, алар айыл чарбасын сактап калышты. Белоруссияны ала турган болсок, алар учурда айыл чарбасын мыкты өнүктүрүштү. Аларда стратегиялык азык-түлүк 98 пайыз ири чарбаларда өнүктүрүлөт. Менин оюмча, ар бир аймак үчүн өзүнчө классификация болушу керек. Мисалы, Нарын менен Баткенди салыштырып болбойт. Нарында колдон келишинче ирилешкен чарба керек. Бул жакта эт, сүт багытындагы уйларды, койлорду багыш керек.

Абдилашим ИСРАИЛОВ:

– Союз таркагандан бери биздин элибиз бир топ кыйынчылыктарга учурады. Мурдатан иштеп келген колхоз-совхоздор жоюлуп, ордуна ар түрдүү формадагы иштеген жеке адамдардын иш-аракеттерин көрдүк. Бүгүнкү күнү 5 миңден ашуун кооператив бар деп статистикалык маалымат берилүүдө. Булардын бардыгы кооператив эмес, ар бир уюм, ар бир түзүлгөн ишкананын белгиси болуп, айырмаланып турушу керек. Кооперативди түзүп баштаганыбызга 30 жылдан ашты, бирок, бардык стандартка жооп берген кооператив түзүлө элек. Мүмкүн мен билбегендер бардыр, бардык стандартка жооп берген кооператив азыркылардан башкача болот. Мисалы, айыл чарба кооперативи десе, биз мурдагы колхоз, совхозду элестетебиз. Бирок, айыл чарба секторунда иштесе дагы, алардын бири-биринен айырмасы бар. Так эле ошол сыяктуу кооперативдин түрү дагы ар түрдүү болушу мүмкүн. Бирөө өндүрүш менен иш алып барса, башкасы сервистик кызматтарды көрсөтүшү мүмкүн. Дагы бирөө асыл тукум жаатында иштейт. Булар бара-бара биригүүсү ыктымал.

Адамдар өз ыктыяры менен биригип иштеген кооператив гана өнүгө алат. Ал бара-бара ирилеши мүмкүн. Чет өлкөлөргө чыкканда көрүп жүрөм, фермердик чарбалардын жери эле илгерки колхоз, совхоздун жерине караганда 2-3 эсе чоң. Сугат суу тартыштыгы деп жатпайбызбы, чынында Кыргызстанда азыр деле мурдагыдай эле суу бар. Бирок, 100 гектар жерди 10 киши бөлүп алса, он түрдүү өсүмдүк эгет. 10 түрдүү өсүмдүк 10 түрдүү убакытта сууну талап кылат. Демек, илимий түрдө агротехниканы колго алып, ирилешкенге барышыбыз керек экен дегенге баарыбыз ынанып калдык. Ирилешүүгө барсак, агрономдор жерди көзөмөлдөп, түшүмдүүлүк дагы өсөт. Асыл тукум мал менен иштегендерде дагы жылыш болот. Кооперативге бириккен адамдардын убактысы да көбүрөөк болуп, башка иштерин да бүтүрүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Анткени, профессионал адистер кооперативден айлык алып, алардын ордуна иштешет.

Экинчиден, мүмкүн кооператив түзгөндү үйрөткөндөн кийин анда иштей турган адистерди окутуш керек болот. Аларды тездетилген программа менен окутуш керек. Кооперативдер ирилешкенден кийин ЖОЖдо профессионалдарды окутуу абзел. Мына Агрардык университет жыл сайын студенттерди толтура албай жүргөнүн баарыбыз эле билебиз. Бул өтө өкүнүчтүү жагдай деп эсептейм.

Жакында министр менен сүйлөштүк, биз өзүбүздүн кызматыбызды сунуштадык. Кооператив болгондон кийин бир эле окууга эмес, каражатка дагы муктаж. Бүгүнкү күнү мамлекет каражаттын түрүн берип жатат. Андан сырткары министрлик жер жерлерде сервистик кызматтарды көрсөтүүдө. Биз бөлүнүп жаткан акчаларды максаттуу түрдө жете тургандай кылып берүү керек деп жатабыз. Бизди кредиттик союз десе эле эл банк сыяктуу көрүшөт, чынында андай эмес. Биз деле кооперативдин бир түрүбүз, жеке адамдар өздөрүнүн үлүшүн коюп, өздөрү башкарат. Каражат жагынан биз жардамдашсак, билим жагынан ЖОЖ жардамдашса, өндүрүш тарабынан министрлик жардам берсе, бул чоң секторго айланат.  Ал өзүн-өзү жетелеп отуруп, алдыга чыгат.

Өмүрбек КОЖЕКОВ:

– Айыл чарба реформасы башталганда райондордо аким болуп, бул иштерге аралашкан кишилердин биримин. Убагында айыл чарба реформасын туура эмес жол менен баштап алганбыз. Биздин эң чоң катабыз ошол болгон. Ойлонбой туруп баа-рын таратып жибердик, колхоздун конторасын дагы менчикке чыгарып кеткен учурлар болгон. Бир колхоздо 20-30дан унаа, канчалаган атайын техникалар бар болчу. Кийин айыл боюнча 1 экскаватор таппай калдык го. Убагында ошолорду айыл өкмөттүн балансына алып калууну сунуштаганбыз. Бирок, алардын баары жеке менчикке өтүп, андан ары жок болду. Көп нерсени туура эмес жасап алып, кийин азабын көп тарттык.

Кооперативди уюштургандан кийин ал чачырап кетпей иштей тургандай кылып уюштуруш керек. Жерди ээлеп алып, өзү иштетпей же башкага бербей жүргөндөр көп, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү абзел. Каралбай жаткан жерлерди өздөштүрүү мезгил талабы болуп турат.

Кооператив уюштурам дегендерге мамлекет тарабынан ар тараптуу жардам берилип, фонддун жеринен бериш керек. Айтып коюу менен эле иш бүтпөйт, уюштуруу жагына жеңди түрө киришели.

Алымбек ЭРДӨӨЛӨТОВ:

– Кооперативди түзүү үчүн зарылчылык болуш керек. Айыл жеринде кооператив десе эле колхозду түшүнүшөт. Жеке менчиктин даамын таткан фермерлер андайга баргысы келбейт. Кооператив болгондо анын жетекчи органы болот, кимдир бирөөлөр чечим кабыл алат. Бул жеке фермердин кызыкчылыгынан өйдө туруп калат.  Департаменттин башчысы кооперативдин түрлөрү көп деп айтып кетпедиби, бир дыйкан чарба бир нече кооперативдин мүчөсү боло алат. Мисалы, продукциясын сата албай жаткан болсо, продукцияны сатуу, базарга жылдыруу кооперативи бар, техниканы колдонуу боюнча өзүнчө кооператив бар. Ошолорго мүчө болуп, алардын кызматын алыш керек. Ошондо кооператив түзүлөт жана өрчүйт. Мыйзам менен же күч менен кооператив түзүлбөйт, ошону үчүн мен айтып жатам зарылчылык болушу керек. Фермерде ошондой муктаждык пайда болсо, ошого барганга мажбур болот. Анткени, ал фермердик чарба үчүн пайдалуу. Кыскача менин оюм ушундай.

Манас САМАТОВ:

– Кооператив деген сөз элге жакшы сиңбеди. Бүгүн айыл чарба өндүрүшүндө түзүлгөн кырдаалды карап көрөлү, айыл чарба продукцияларынын 98 пайызы үй-бүлөлүк фермердик чарбалар тарабынан өндүрүлүп жатат. Нурлан мырза 500 миңдей субъект бар деп жатпайбы. Ошолордун шарапаты менен дасторконубуз ак нанга толуп турат. Кыргызстанда 1 млн. 250 миң гектар айдоо жерибиз бар. Ирилештирүү заман талабы, ирилештирүү үчүн кооператив түзүүнүн кажети жок. Бир эле жеке чарбада жери, айыл чарба өндүрүшү, кайра иштетүү ишканалары, завод-фабрикалары болушу мүмкүн. Бирок, өзөгү барып жеке демилгеге такалат.

Маселен, 614 миң гектар жайыт жерин өздөштүрүүгө берип жатабыз. Ушул жерден биз адашпашыбыз керек. Мамлекет жакшы көмөк көрсөтүп жатат, суу чыгарып берүү, тамчылатып сугаруу системасын киргизүү жагын колго алып жатат. Ушул жерди өздөштүрүүгө ким даяр дегенде эч ким унчукпай турат. Эл азыр буга даяр эмес. Мисалы, Кадамжайда 200 гектар жер өздөштүрүүгө берилди, өкмөт акчаны берди, эл суу чыгара албай жатат.

Кредит айыл чарбасы үчүн эң жаман нерсе, илгертеден ата-бабаларыбыз сүткорлукка каршы болуп келишкен. Айтайын дегеним дыйкандар келечекте такыр кредит
алуудан баш тартышы керек.

Балким кооператив дебей эле, айыл чарба багытында акционердик коом түзсө деле болот. Чет өлкөдө акционер болуп киреше алып жаткан фактылар бар. Бирок, бизде биригүү кыйын. Анткени, биздикилер биригип иштегенге даяр эмес. Биз аны моюнга алышыбыз керек.

Карыпбек Асанов:

– Министр менен сүйлөшсөк, экспортко бир түрдөгү айыл чарба продукциясын чыгаруу үчүн көлөм жок экенин айтты. Демек, экспортко чыгабыз десек, анда биригүү, ирилештирүүгө барышыбыз кажет.

Аскарбек СУЛАЙМАНОВ:

– Кыргызстан кичинекей өлкө, өзүнүн өндүргөн айыл чарба продукцияларын толугу менен ички рынокто сатып түгөтө албайт. Андыктан биз экспортко ыкташыбыз кажет. Ал үчүн сапатка жана атаандаштыкка туруктуулукка басым жасашыбыз зарыл.

Дыйкандын максаты азыраак акча салып, көбүрөөк пайда көрүү. Ошол эле учурда мамлекеттин дагы кызыкчылыгы бар, ал азык-түлүк коопсуздугун сактоо. Бизде кооперативдердин бир көйгөйү бар, ал банктан насыя алуу. Ири акча алайын десең эле күрөө сурайт экен, күрөө коюу маселесин мамлекет жөнгө салып койсо деп суранат элем.

Карыпбек Асанов:

– 1,2 млн. гектар жерибизден кантип көбүрөөк продукция өндүрүп, кантип экономикабызды оңдойбуз деген кеп болуп жатпайбы? Мейли жеке менчик, акционердик коом, кооператив дейбизби айырмасы жок. Айыл чарба министрлигине менин айтар кеңешим муну кызыктыра турган чараларды өкмөт сунуш кылышы керек. Мурда колхоз, совхоздорго насыяны 400 пайыз менен, дыйкандарга пайызы жок бергени эсиңерде барбы? Ошол дыйкандарга берилген 60 млн. акчаны максаттуу пайдалана албай коюшкан. Ал эми колхоз, совхоздорго 400 пайыз менен насыя беребиз деп коюп,  чарбалардын баары аргасыздан тарап кеткен. Ошону үчүн кооператив уюштурам дегендерге насыяны арзан бериш керек деп эсептейм. Дыйкандардын товарын сактай турган, сата турган жактарын бири-бири менен тыгыз байланышта кылсак гана алдыга жылабыз. Ар бир аймакта кандай өсүмдүк жакшы өсө турганын анализ кылуу министрликтин биринчи иши болууга тийиш.

Мына бир эле мисал айтайын кымыз өндүргөн балдар бар. Алар ишмердүүлүгүн кеңейтейин десе мамлекет 6 пайыздык насыя сунуштаптыр, жаш ишкерлерге бул деле өтө чоң пайыздык чен болуп эсептелет. Ошону үчүн айтып жатам насыяны дыйкандарга кескин төмөндөтүп бериш керек деп. Кыргызстанга Белоруссиядан, Башкыриядан кымыз алып келип сатып жатышат. Биз буга намыстанышыбыз керек, өзүбүздүн кымызды өзүбүз сатыкка чыгара албасак уят да. Ушул сыяктуу меселелерди МинКабдын төрагасынын орун басары болуп отурган адам чечиши керек. Насыяны түшүрбөсө башка маселелер чечилбейт.

Манас Саматов:

– Чет өлкөлөрдү кое туралы дагы, өзүбүздүн маселени талкуулайлы. Биз технологиялык жаңыланууга өтпөсөк, элдин өзүнүн жерге болгон мамилеси өзгөрбөсө жылыш болбойт. Токтогулда бир жигит 10 гектар жерге бак эккен экен. Мени чакырганынан атайын барып анын багын көргөнчө айылдарын кыдырып чыктым. Эртеси күнү эл менен жолугушууда, “Үлүш жерлериңер бар экен куурай басып жатат. Ошону иштетүүнүн ордуна силер акимден жер сурап жакалап жатасыңар. Жерди туура иштетүүнү билгендердин колуна өтүш керек” – дедим.

Маселен, техниканы санариптештирүүнүн артында кара күч пайдалануу кыскарат. Мисалы, Чүйдө 1 гектар жердеги жүгөрүнү бир жолу сугаруу үчүн 1500 сом төлөйт элек. Ошону эле тамчылатып сугарууга өткөрсөк кыйла арзан түшөт. Ошону үчүн министрликте элди туура жолго жетелей билүү милдети турат.

Аскарбек Сулайманов:

– Жерди туура иштетүүнү үйрөнөлү, агроном түзүп берген пландын негизинде калган аткаруучулар кынтыксыз иштесе иш жүрөт. Биздин “Отуз уул” кооперативибиз кандай системада иштейт айтып берейин.  Биринчиси, жерин кооперативге ижарага берип коюп ижара акысын алат. Экинчиси, өзүнүн жерине жете тургандай үрөн берип анын түшүмүнөн пайда алат. Ал эми үчүнчүсү, биротоло кооперативге мүчө болуп кирет.

Өмүрбек Кожеков:

– Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө адамдын эмгеги көрүнбөйт, техника иштейт. Бирок, ошол жерде техника иштей ала тургандай жердин көлөмү керек. Бир гектар жерге ошондой чоң техника кантип иштейт, анын эффективдүүлүгү деле болбойт. Ошону үчүн жердин көлөмүн көбөйтүп, жаңы техникаларды алып келиш зарыл.

Нурлан Кожогулов:

– Мамлекет жаңы жерлерди өздөштүрөм дегендерге колдон келген көмөгүн берүүгө даяр. Кооперативдерди уюштурууда кеп-кеңештер керек болсо, жарандар биздин министрликке түз кайрылса биздин адистер жардам беришет.

Керим Айдаров:

– Урматтуу коноктор, бүгүнкү талкууга катышып бергениңиздерге ыраазычылык билдирем. Биз айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн кооперативдерди түзүүгө астейдил киришүүбүз керек экендигин жалпы коомчулукка түшүндүрүп бере алдык деп ойлойм. Тилектер ишке ашсын. Ишибиз илгери болсун!

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар