Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыГрузиянын мурдагы президенти Саакашвили 9 жылга эркинен ажыратылды

Грузиянын мурдагы президенти Саакашвили 9 жылга эркинен ажыратылды

Михаил Саакашвили «костюм иши» деп аталган иш боюнча 9 жылга эркинен ажыратылды. Грузиянын экс-президенти ири өлчөмдө бюджеттик каражаттарды уурдоо боюнча күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу Эхо Кавказа” радиосу жазды.

Мындай чечимди Тбилиси шаардык сотунун судьясы Бадри Кочламазашвили чыгарды. Сот Атайын коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Теймураз Жанашияны кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп таап, 300 миң лари айыпка жыккан.

Саакашвили менен Жанашия буга чейин айыптоолорду четке кагып, сот саясий мүнөзгө ээ экенин айтып келишкен.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар