whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
08.02.2026
-1.9 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүАйдоочулук күбөлүктөр эмне үчүн толук алмаштырылууда? Президент түшүндүрмө берди

Айдоочулук күбөлүктөр эмне үчүн толук алмаштырылууда? Президент түшүндүрмө берди

Акыркы күндөрү айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу маселеси коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. Бул боюнча президент Садыр Жапаров себептерин кеңири түшүндүрүп берди.

Президенттин айтымында, Кыргызстанда айдоочулук күбөлүктөр, ID-паспорттор жана башка мамлекеттик документтер акыркы 30 жыл ичинде дээрлик жаңыртылган эмес. Мурда чет өлкөлөрдө чыгарылган документтердин коргоо элементтери алсыз болуп, жасалмалоо учурлары көп катталган.

Айрыкча мигранттар арасында жасалма паспорттор жана айдоочулук күбөлүктөр сатылып, айрым учурларда бул документтер менен чет өлкөлөрдө мыйзам бузгандар, атүгүл террористтер кармалган фактылар болгон. Бул көрүнүштөр Кыргызстандын эл аралык аброюна олуттуу зыян келтирген.

Ошондуктан бардык эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү жаңысына толук алмаштыруу чечими кабыл алынган. Жаңы документтер “Учкун” мамлекеттик ишканасында чыгарылып, эң жогорку коргоо деңгээлине ээ экени белгиленди.

Мамлекет башчысы эски, мөөнөтсүз берилген күбөлүктөр да милдеттүү түрдө алмаштырылышы керектигин айтты. Айрым документтердин сүрөтү таанылбай калгандыктан жана маалыматтар так эмес болгондуктан, жалпы инвентаризация жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу кызматтары күн сайын саат 08:30дан 23:00гө чейин көрсөтүлүүдө. Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүгү бар жарандар үчүн медициналык маалымкат талап кылынбайт, ал биринчи жолу күбөлүк алгандарга гана керек.

Ал эми “Түндүк” санариптик порталындагы мүчүлүштүктөр серверлерге ашыкча жүктөм түшкөндүгүнө байланыштуу экени айтылды. Платформаны модернизациялоо үчүн президенттик фонддон жана республикалык бюджеттен кошумча каражаттар бөлүнгөн.

Президент жарандарды эски айдоочулук күбөлүктөрдү жана ID-паспортторду толук алмаштырууга чакырып, бул чаралар жасалма документтерди жоюуга жана өлкөнүн эл аралык ишенимин бекемдөөгө багытталганын баса белгиледи.

Гезит

Науру Республикасы

Борбору жок өлкөОкеания аталган, Тынч океандагы аралдарда чакан мамлекеттердин катарына кирген өлкөлөр бар: Гуам, Папау, Маршалл аралдары, Тувалу, Науру ж.б. Бир аймакта жашагандыктан, климаты,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар