Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу акциясы мөөнөтсүз узартылды

Кыргызстанда эски үлгүдөгү мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу кампаниясы мөөнөтсүз узартылды. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун (ГЦРТС) башчысынын орун басары Толубай Джакишев «ОшТВ» менен  болгон маегинде билдирген.

Анын айтымында, мурун алмаштыруу 15-январдан 15-февралга чейин чектелген, бирок бул чектөө алынып салынды.

«Кечээги күндөн тартып дедлайн жоюлду. Айдоочуларга шашпоону суранам: күбөлүк бланктары Кыргызстанда басылып чыгат, дефицит болбойт», — деди Джакишев. Ал ошондой эле мөөнөтсүз күбөлүктү алмаштыруу учурунда 083 медициналык справка талап кылынбай турганын эскертти.

Мурун, 15-январда, Кыргыз Республикасынын Президенттик администрациясынын маалымат саясаты кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Facebook баракчасына билдиргендей, акция эски күбөлүктөрүн белгиленген мөөнөттө алмаштыра албагандар үчүн дагы узартылышы мүмкүн.

Акциянын шарттарына ылайык, мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу үчүн эки гана документ керек: паспорт (же ID-карта) жана эски күбөлүк. 083 медициналык справка жана автошколаны бүткөнүн тастыктаган сертификат талап кылынбайт. Сертификат жаңы айдоочулук күбөлүктү алууда гана керек.

Бийлик жаңы акцияны үч себеп менен түшүндүрүшөт: эски күбөлүктөрдүн коргоосу начар жана жасалмалары көп, документтердин эскириши, ошондой эле эски күбөлүктөр санариптештирилбей, көп мамлекеттерде таанылбаганы. Жаңы күбөлүктөр автоматтык түрдө санарип базаларга киргизилет жана эл аралык стандарттарга жооп берет.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз