Португалияда президенттик шайлоо өттү

19-январда Португалияда президенттик шайлоо өткөрүлдү. Жогорку мамлекеттик кызматка 10 эркек жана 1 аял талапкер ат салышты. Шайлоонун жыйынтыгында, ультраоңчул “Шега” партиясынын лидери Андре Вентура биринчи турдун “күмүш байгесин” алды.

Шайлоо тилкелер жабылган соң, Europe Elects ресурсу билдиргендей, биринчи турдун алдынкы орундарын төмөнкүлөр ээледи:

  • Антониу Жозе Сегура (левоцентристтик Социалисттик партия) — 30% га жакын добуш алып, биринчи орунга чыкты.
  • Андре Вентура (ультраоңчул “Шега” партиясы) — экинчи орунда. Вентура өткөн жылы парламентте экинчи орунга жеткен жана шайлоого антииммигранттык ураандар менен катышкан.
  • Жуан Котрин де Фигейреду (“Либералдык демилге” партиясы) — үчүнчү орунда.
  • Энрике Гувейя-э-Мело (отставкадагы контр-адмирал, көз карандысыз талапкер) — төртүнчү орунда. Ал пандемия учурунда тез жана натыйжалуу вакцинация жүргүзгөнү үчүн таанылган.

Биринчи турдун жыйынтыктары боюнча экинчи тур зарыл болсо, анда эң көп добуш алган эки талапкер ортосунда таймаш болот. Шайлоо Португалиядагы саясий картанын жаңы тенденцияларын жана ультраоңчул күчтөрдүн ролун дагы көрсөттү.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз