Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу жарандарды Иран жана Израилге барбай турууга чакырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы 18-июнда тараткан билдирүүдө айтылат.
Мекеме билдирүүдө Иран менен Израиль аймагында жүргөн кыргыз жарандарына мүмкүн болушунча бул өлкөлөрдөн чыгып кетүүнү сунуштап, аба каттамдарына байланыштуу чектөөлөрдү, ошондой эле эл аралык жана жергиликтүү авиакомпаниялардын эскертүүлөрүн кылдат көзөмөлдөөгө кеңеш берди.
Мындан тышкары, министрлик зарыл учурда жарандар төмөнкү дипломатиялык өкүлчүлүктөргө кайрылышы керектигин эскертти.
Катардагы элчилик: +974 5066 7001
Кувейттеги элчилик: +965 5170 2180
Ирандагы элчилик: +98 935 250 5226
БАЭдеги элчилик (Абу-Даби): +971 2558 4955
Дубайдагы Башкы консулдук: +971 58 881 3567
Сауд Арабиясындагы элчилик: +966 58 376 99454
Түркиядагы элчилик: +90 545 689 6800
ТИМ 16-июнда Ирандагы жана Азербайжандагы элчиликтер менен бирге 28 кыргыз жаранын Азербайжанга өткөргөнү тууралуу маалымдаган.
13-июнда Израиль Ирандагы бир нече объекттерге абадан чабуул жасаган. Аны улай Иран тарап Израилге каршы дрондор жана ракеталар менен жооп кайтарып, аймакта чыңалуу күчөгөн. Расмий маалыматтарга ылайык, Иранда 260тан ашуун адам, анын ичинде жогорку даражалуу аскер жетекчилери жана өзөктүк изилдөөчүлөр каза болгон. Израил да өз аймагына урулган соккулардан 24 адам каза болгонун билдирген.