Бүгүн Казакстандын борбору Астана шаарында Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн маалымат агенттиктеринин форуму башталды. Иш-чараны Кытайдын ири медиа холдинги “Синьхуа” жана Казакстан Республикасынын Президентинин Телерадиокомплекси биргелешип уюштурушууда. Форумга «Кыргыз Туусу» гезитинин журналисттери Айгерим Качкынбекова жана Султанбек Аманбек уулу катышууда.
Форумдун негизги максаты – медиа тармагындагы өз ара тажрыйба алмашуу, кызматташтыкты өнүктүрүү жана маданияттар аралык байланыштарды чыңдоо. Бул диалог аянтчасы Борбор Азия менен Кытайдын ортосундагы маалыматтык кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүүнү көздөйт.
Иш-чаранын алкагында Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы медиа кызматташтыгынын келечеги, санариптик медиа өнүгүүсү жана эл аралык маалымат мейкиндигиндеги интеграция маселелери талкууланууда.
Мындан тышкары, форумдун жүрүшүндө үчүнчү “Эл аралык Жибек жолу коммуникациялык конференциясы” дагы өтүүдө. Бул конференция Кытайдын “Бир алкак – бир жол” демилгесинин алкагында медиа жаатындагы байланыштарды бекемдөөгө багытталган.
21-23-июнь күндөрү өтө турган иш-чарага Кытай жана Борбор Азия мамлекеттеринин расмий өкүлдөрү, медиа уюмдардын жетекчилери жана тажрыйбалуу журналисттер катышууда. Форум тараптар ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана кооперацияны тереңдетүүгө чоң мүмкүнчүлүк берет деп күтүлүүдө.