Ошондой эле бийлик органдарына фермерлерге жана ишкерлерге өндүрүш жана маркетинг жагынан көмөк көрсөтүү тапшырмасы берилген.
Министрлик учурда өлкөнүн 12 айылында 107 чарба ферула өстүрүү менен алектенип жатканын, аларга агротехникалык окуулар уюштурулганын билдирди.
«Феруланы өстүрүү – экономикалык жана экологиялык мааниси жогору болгон багыт болуп, Кыргызстандын агрардык саясатынын келечектүү тармагы катары каралууда. Министрлик асылдуулугу төмөн жайыттарды ферула эгүүгө пайдаланууну сунуштайт жана тиешелүү иштер үчүн райондук мамлекеттик администрацияларга кайрылууга чакырат»,- деп айтылат маалыматта.

