whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.06.2025
37.6 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларБилим берүү№67 мектептин мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен 1-кабаты кайтарылды

№67 мектептин мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен 1-кабаты кайтарылды

Бишкектеги №67 мектептин мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен 1-кабаты мамлекетке кайтарылды.

Буга чейин аталган маселени депутат Эльвира Сурабалдиева көтөрүп чыккан. Ал мектепте орун жетишсиз болуп жатса, 1-кабаты жеке жактарга өтүп кеткенин айткан.

УКМК мектептин 751,2 чарчы аянты мыйзамсыз сатылып кеткенин тастыктады. Ээси аны мамлекеттин менчигине акысыз өткөрүп берген.

Учурда мектептин 1-кабатын окуучуларды ЖРТга даярдаган «Н» аттуу билим берүү мекемеси пайдаланып жаткан. УКМК аталган мекеме Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик менен түзүлгөн келишимдин негизинде имаратты кыска мөөнөткө ижарага ала аларын билдирди.

Атайын кызмат мыйзам боюнча мурдагы менчик ээлери мамлекеттин карамагындагы имараттарды ижарага алып, пайдаланууга укуктуу экенин эске салды.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар