Эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстан брендине айланган «Дордой» ассоциациясынын ардактуу президенти, КРнын Эмгек Баатыры, коомдук ишмер, меценат Аскар САЛЫМБЕКОВ быйыл 70 жашка толду. 70 жылдык юбилейи республикалык деңгээлде белгиленген ишкер, мамлекетибиздин спорт, маданият, экономикасына Ала-Тоодой зор салым кошкон инсанды кутман курак юбилейинен соң кепке тартып, ар кыл суроолорубузга жооп алдык.
– Аскар Мааткабылович, быйыл февраль айында 70 жаш юбилейиңиз республикалык деңгээлде жакшы өттү. Куттуу мааракеден кийин сизге кандай ойлор келди?
– Биринчиден, улуттук “Кыргыз Туусу” гезитинен келип интервью алып жатканыңыздарга рахмат! Өзүңүздөр билгендей февраль айындагы 70 жылдык мааракемде мага күтүлбөгөн жерден “Кыргыз Республикасынын Эмгек Баатыры” наамы берилди. Чынын айтсам муну күткөн жок элем, түш көргөндөй болдум. Биринчиден, мени социалдык тармактар, ЖМКлар аркылуу колдогон элиме, журтума ыраазымын. Экинчиден, албетте, бул наам азыркы президент Садыр Жапаровдун, Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин, Парламенттин төрагасы Тургунбек уулу Нурланбектин сунушу менен, бир топ атактуу адамдарыбыздын колдоосу менен берилди. Аларга да терең ыраазычылык билдирем. Эми 70 жаш мага бир карасам көп убакыттай, бир ойлосом көз ирмемдей эле сезилип жатат. Көп дегеним, балалык кезим, окуучулук, студенттик курак, кийин комсомолдо 10 жылдай иштеген убак, 5 жыл спорт тармагында эмгектенип, бизнеске аралашкан мезгилдерим. Ал ортодо Нарын облусунун губернатору, кыска мөөнөткө Бишкектин мэри да болдум. Жогорку Кеңештин бир чакырылышына депутат болуп шайландым. Мына ушунун баары бай тажрыйба экен да. Баарын майда-чүйдөсүнө чейин анализ кылсак көп эле нерсе баштан өтүптүр. Бул жагынан алганда 70 жыл узак эле экен. Аз дегеним, көз ачып жумганча эле минтип 70 жашка чыгып калыпмын. Анын үстүнө окумуштуулар айткандай, азыр 24 сааттын берекеси кетип, 18 сааттай эле өтүп жаткандай болуп жатат. Ошондуктан убакытты текке кетирбей элге, мекенге дагы бир топ жакшы иштерди жасап кетсем деп ойлонот экенсиң. Астрологдор ушул жылы адамдар 20 жылга алдыга кетет же артка кетет деген божомолдорду айтып жатышат. Кудай буюрса, аманчылык болсо, дагы жыйырма жылга алдын ала план түзүп, алдыга жылсам деген оюм бар.
– Учурда Кыргызстандын экспортунан импорту алда канча көп болуп жатат. Ийгиликтүү ишкер катары бул сизди да ойлондурса керек?
– Отуз жыл ичинде биз саясат менен эле алек болуп бир жакшы нукка түшө албай келе жатканбыз. Башкача айтканда, аттын артында араба болбой эле, арабабыз аттын алдында болуп келаткан. Эми атыбыз алдыга чыгып арабаны сүйрөй баштады. Бюджетибиз көбөйүп 100 жылдыкка 100 мекеме ишке кирди. Экономиканын өнүгүшү боюнча КМШ мамлекеттеринин ичинен биринчи орунга чыктык. Кайсыл жерге барбайлы заводдор, жолдор, социалдык объектилер курулуп, кайра иштетүүчү, текстиль мекемелери ишке кирип жатат. Мына ушунун баары буюрса өз жемишин берет. Ошондо биздин импортко болгон көз карандылыгыбыз азайып, капчыгыбыз толуп, экономикабыз өнүгөт. Өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй калктын жан башына болгон муктаждыгы дагы көбөйө баштайт. Кудайга шүгүр, азыркы тенденция боюнча ИДПбыз жылыга 8-9 пайыз өсүп жатат. Коңшу Кытай мамлекети ушундай темп менен 10 жылда таң каларлык ийгиликтерге жетишти. Биз дагы ушул темптен жазбай, мамлекеттин элдин турмушун, экономиканы оңдоо аракетин жапа тырмак колдосок бардыгы жакшы болот. Ал үчүн митинг, пикеттерди азайтып, ынтымактуу болушубуз керек.
– Коңшу Өзбекстанда, Чыгыш өлкөлөрүндө ири базарларды туристтик бренд катары пайдаланып келе жатышат. “Дордойдун” инфраструктурасын жакшыртып, ошондой жайга айландырсак болот беле?
– Ооба, “Дордой” базары Борбор Азия-дагы эң чоң эл аралык соода-логистикалык комплекс, хаб. 2008-жылы дүйнөдөгү белгилүү Forbes журналы “Дордой” базарын дүйнөдөгү эң ири 10 базардын катарына киргизгени да бекеринен эмес. Ошон үчүн “Дордой” Кыргызстандагы өзүнчө бир бренд десек болот. КМШ мамлекеттеринин ичинде Кыргызстан боюнча сурамжылоо жүргүзүшсө биринчи Чыңгыз Айтматовду, экинчи Ысык-Көлдү, үчүнчү “Дордойду” айтышыптыр. Ооба, айрым учурда базарларды жаңылашыбыз керек деген пикирлер да бар. Бирок, чыгыш мамлекеттеринин шаарларында эски базарларды маданият, тарых, архитектуралык эстелик катары сактап калып жатышат. Биз дагы тарых катары эски базарларыбызды сакташыбыз керек. Бара-бара баары электрондук соодага өтүп, базарлардын кереги жок болуп калат деген ойлор да айтылып келет. Бул батыш өлкөлөрүндө, башка мамлекеттерде болушу мүмкүн. А чыгыш мамлекеттеринде адамдар базарга барып, ар бир товарды, кийимдерди кармалап көрүп, соодалашып сатып алмайынча ыраазы болбойт. Ошон үчүн базарлар чыгыш өлкөлөрүндө ордун жоготпой мурдагыдай кала берери анык.
Баса, азыр президент, өкмөт бизге жаңы жер бөлүп берип жатат. Буюрса, ал жерге бардык шарттары жана заманбап инфраструктурасы бар базар салууну пландаштырып жатабыз. Ошону менен бирге эле эски “Дордой” базарын да бир аз реконструкциялоо, модернизациялоо менен калтырсак деген тилегим бар.
– Өзүңүз айткандай, “Дордой” көп тармактуу ири компанияга айланды. “Дордойдо” инновациялар, жаңы технологиялар, жасалма интеллект багытында кандай иштер жасалып жатат?
– Ооба, биз дагы инновациялык тенденциялардан артта калбайлы деп санариптештирүү боюнча атайын департамент түзгөнбүз. Ошол жерде кандай товар кайсыл жактан келерин программисттер шурудай тизип иштеп жатышат. Бул жаатта башка өлкөлөрдөн келип биз менен кызматташалы дегендер да арбын. Азыр биздин университетибизде америкалык система менен IT институту ачылган. Институттагы балдарды да ассоциация иштерине тартып иштетип жатабыз. Бүт дүйнө жүзү боюнча сооданы жаңы технологияларга өткөрүп жатышканда биз дагы андан артта калбашыбыз керек. Бул багытта бир топ аракеттер болуп жатат. Жакынкы жылдарда анын натыйжасын да көрүп калабыз.
– “Дордой” ассоциациясынын негизги өзөгү жеңил өнөр жай тармагы экени талашсыз. Акыркы жылдарда Россияда өзбек туугандар кыргыз жеңил өнөр жай тармагын рыноктон сүрө баштаганын көрүп жатабыз. Минтип отурсак биздин жеңил өнөр жай тармагыбыздын келечеги кандай болот?
– Абдан туура суроо болду. СССР доорунда биздин жеңил өнөр жайыбыз абдан жакшы өнүккөн. Өзүбүз пахта, жүн өндүрүп, бизден чыккан кездемелер, кийимдер дүйнө жүзүнө тарачу. ВЛКСМ, Октябрдын 40 жылдыгы, Камволдук-ноо-ту комбинаты, Жибек комбинаты сыяктуу кездеме чыгарган, кийим тиккен фабрикалар тынымсыз иштеп турган. Ошонун баары өткөөл мезгилде жабылып калды. Кийин Кытайдан түрдүү кездемелерди, кийим тигүүчү машиналарды, жабдыктарды алып келүү менен текстиль тармагыбыз катуу өнүгө баштаган. Бир чети биздин жеңил өнөр жай тармагыбыздын өнүгүшүнө Өзбекстандын узак жылдар бою жабык өлкө болгону да себепкер болду. Акыркы жылдарда өзбек бийлиги чек араларды ачып, элинин каа-лагандай соода кылуусуна шарт түзүп бере баштады. Анын үстүнө Өзбекстан өзүнүн пахтасын кайра иштетүүнү колго алып, бизге текстиль импорту боюнча чоң атаандаштык жаратып жатат. Бир жагынан өзбек элинин көптүгү, иштермандыгы жеңил өнөр жайынын өнүгүшүнө өбөлгө болуп жатат. Ошон үчүн биз товарларды арзаныраак кылганга аракет кылышыбыз керек. Канчалык товар кымбат болсо биз ошончолук утулабыз. Эмне үчүн “Дордой” эл аралык маанидеги хаб болуп калды? Себеби, биз Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан өлкөлөрүнө карата бажы салыктарын азайтканбыз. Анан товардын баары биз аркылуу өтүп, “Дордой” катуу өнүгүп кеткен. Ошондуктан салык, бажы, баа саясатында биз абдан ийкемдүү болушубуз керек.
– Азыр эле “Дордойдун” көп тармактуу экенин, 30 жылдык өнүгүү тарыхынан да азыноолак кеп кылдык. “Дордойдун” келечекте эл аралык рынокто бренд боло турган конкреттүү бир продукция чыгаруу планы барбы?
– Биз негизинен кызмат көрсөтүү, жумуш орундарын түзүү менен бир топ ийгилик жараттык. Кыргызстанда чынында “Дордойдой” 600-700 миңдей жумуш орундарын түзгөн компания жок. Биз көбүнесе ушуну менен алек болдук. Экинчиден, жогоруда айтканымдай, “Дордойдон” чыккан ишкерлер азыр бардык тармактарда ийгилик жаратып жатышат. Үчүнчүдөн, биздин бизнес-социалдык багыттагы, өзүнүн социалдык жоопкерчилигин сезген бизнес. Биз искусство, маданият, спорт тармактарына колдоо кылып театр, мектептерди, бала бакчаларды курдук. Мебель чыгаруучу ишкана, эт комбинатын ачтык. Чынын айтканда, завод, фабрика куруп бир нерсе чыгарганга убактыбыз да, чамабыз да жетпей калды. Буюрса алдыда дагы жакшы ниет, тилектер бар. Жаштарыбыз андай бренд товарды чыгарып калышар.
(Уландысы кийинки санда)
Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”