Кыргызстанда күйдүргү очокторун эсепке алуу жана мониторинг жүргүзүү боюнча бирдиктүү геомаалыматтык түзүм — «СУМО» ГИС долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги маалымдап, жаңы санариптик платформа эпизоотиялык көзөмөлдү күчөтүп, жаныбарлар арасында кооптуу оорулардын жайылышына ыкчам чара көрүүгө мүмкүндүк берерин билдирди.
Долбоорду Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы демилгелеп, иштеп чыгууну мамлекеттик «АгроСмарт» мекемеси жүргүзүүдө. Система өлкөнүн аймагындагы ветеринардык-санитардык абалды визуалдаштырып, эсепке алуу жана аналитикалык иштеп чыгуу үчүн бирдиктүү веб-курал катары кызмат кылат.
«СУМО» ГИС интерактивдүү карта аркылуу күйдүргү очокторун, биологиялык калдыктарды жок кылуу жайларын жана ветеринардык инфраструктура объектилерин көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле ветеринардык-санитардык иш-чараларды эсепке алуу, аналитика жана отчеттуулук үчүн борборлоштурулган маалымат базасы, жаңы учурлар катталганда жооптуу кызматтарды автоматтык кабарлоо механизми каралган. Платформаны мамлекеттик маалыматтык системалар менен интеграциялоо пландалууда.
Адистердин баамында, санариптик чечим ветеринардык процесстердин ачыктыгын жогорулатып, алдын алуу иштерин күчөтөт жана өлкөнүн биологиялык коопсуздугун бекемдөөгө өбөлгө түзөт. «СУМО» ГИС агрардык тармакты санариптештирүүнүн бир бөлүгү болуп, республика боюнча эпизоотиялык кырдаалды так жана ыкчам көзөмөлдөөгө шарт түзөт.

