Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Чүй облусунун Сокулук районундагы 92 гектар сугат айдоо жерин К.К. Азыков атындагы Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтуна мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берди.
Тиешелүү чечим 2026-жылдын 10-апрелиндеги №242-т буйрук менен кабыл алынган. Документке ылайык, жер тилкеси Мамлекеттик айыл чарба жер фондунун курамына кирет жана Сокулук районундагы З. Кайназарова атындагы айыл аймагында (№68, №70, №71 жана №72 контурларында) жайгашкан.
Бул кадам селекциялык стационарды калыбына келтирүү, дан эгиндеринин, жүгөрү жана кант кызылчасынын жаңы сортторун иштеп чыгуу, ошондой эле баштапкы үрөнчүлүктү өнүктүрүү максатында кабыл алынган. Мындан тышкары, жерди пайдалануу аркылуу дыйканчылык, топурак таануу, агрохимия жана өсүмдүк өстүрүү багыттары боюнча илимий стратегияларды иштеп чыгуу пландалууда.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине жер тилкесин өткөрүп берүү жана тиешелүү укуктарды кайра каттоо милдети жүктөлдү. Ал эми Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жерге болгон укукту мамлекеттик каттоодон өткөрөт.
Институтка жер тилкесин максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу сунушталды.
