Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндө кызматташкан министрлеринин жана орун басарларынын үчүнчү Кеңешмеси болуп өттү.
Иш-чараны Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев ачып, катышуучуларды куттуктады. Ал мындай жогорку деңгээлдеги жолугушууну өткөрүү өлкө үчүн чоң мааниге ээ экенин белгилеп, фитосанитардык коопсуздук мамлекеттер ортосундагы ишенимди бекемдөөнүн маанилүү фактору экенин айтты.
Балтабаев өз сөзүндө ички рынокту коргоо менен катар сооданы өнүктүрүүгө тоскоол болбогон натыйжалуу механизмдерди түзүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле Кыргызстан бул багытта санариптик чечимдерди киргизип, фитосанитардык көзөмөл системасын өркүндөтүп жатканын кошумчалады.
Жыйындын жүрүшүндө тараптар фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо, карантиндик объекттердин жайылышын алдын алуу, айыл чарба продукцияларынын соодасын өнүктүрүү жана санарип технологияларды киргизүү маселелерин талкуулашты.
Жыйынтыгында катышуучулар өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы кызматташууну тереңдетүүгө багытталган протоколго кол коюшту. Бул документ ШКУ өлкөлөрүнүн агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө жана өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө багытталган ниеттерин бекемдейт.