АКШ менен Израилде айрым курал түрлөрү тартыш болушу мүмкүн

Британиядагы Royal United Services Institute (RUSI) аналитикалык борбору АКШ менен Израиль Иранга каршы жүрүп жаткан аскердик операциянын алкагында айрым курал-жарак түрлөрүнүн запасы түгөнүп калуу коркунучуна туш болушу мүмкүн экенин билдирди.

Маалыматка ылайык, АКШ жана Израиль операциянын алгачкы 16 күнүндө 11 миңден ашуун ок-дары колдонуп, бул болжол менен 26 миллиард доллар чыгымга алып келген.

Аналитиктердин баамында, өзгөчө узак аралыктагы тосмо ракеталар жана жогорку тактыктагы сокку берүүчү куралдар жетишсиз болуп калышы мүмкүн. АКШ жакынкы бир ай ичинде ATACMS сокку ракеталары жана THAAD абадан коргонуу системалары боюнча корунун азайышына туш болушу ыктымал.

Ал эми Израилдин абалы мындан да татаалыраак деп бааланууда. Маалыматта айтылгандай, өлкөнүн “Arrow” сыяктуу ракетадан коргонуу комплекстеринин кору март айынын аягына чейин түгөнүшү мүмкүн.

Эксперттер мындай куралдарды өндүрүү өтө татаал жана көп убакытты талап кыларын белгилешет. Маселен, буга чейин колдонулган 500дөн ашык “Tomahawk” канаттуу ракеталарын кайра толуктоо үчүн кеминде беш жыл талап кылынары айтылууда.

Аналитикалык борбор ошондой эле курал-жарактын азайышы АКШнын башка аймактардагы коопсуздук милдеттерине таасир этиши мүмкүн экенин белгилейт. Бул Тайванды коргоо же Украинага колдоо көрсөтүү сыяктуу багыттарга да түздөн-түз байланыштуу.

Мындан тышкары, АКШнын айрым өнөктөштөрү Вашингтондун өз запасын толуктоого артыкчылык бериши буга чейин төлөнгөн курал-жарактардын жеткирилишин кечеңдетиши мүмкүн экенине тынчсыздануусун билдиришүүдө.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз