Бүгүн, 27-март – Эл аралык театр күнү. Бул күн 1961-жылы Вена шаарында өткөн ЮНЕСКОнун Эл аралык театр институтунун IX конгрессинде расмий түрдө бекитилген. Ошондон бери дүйнө жүзүндөгү театр ишмерлери бул күндү кесиптик майрам катары белгилеп келишет.
Кыргызстанда да бул дата өзгөчө мааниге ээ. Учурда өлкөдө 20дан ашуун профессионалдык театр иштеп, маданияттын өнүгүшүнө салым кошууда.
Театр – адамзат тарыхындагы эң байыркы көркөм өнөр түрлөрүнүн бири. Алгачкы профессионалдык театрлар Байыркы Грецияда пайда болгон. Ал мезгилде театрлар ири масштабда уюштурулуп, негизинен бай адамдар үчүн жеткиликтүү болгон.
Ошол доордогу актерлор өз ролдоруна терең берилип, сахнадагы образды толук ачып берүү үчүн чоң курмандыктарга да даяр болушкан. Театр өнөрү дал ушундай берилгендиктин жана чыгармачылыктын аркасында бүгүнкү күнгө чейин өз баалуулугун жоготпой, коомдун руханий дүйнөсүн байытып келет.


