Бишкекте ысык сууга жаңы тариф киргизилди

Бишкекжылуулуктармагы ишканасы ысык суу менен камсыздоо тарифинин өзгөргөндүгү тууралуу маалымдады.

Маалыматка ылайык, жаңы тариф Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу департаменти тарабынан 2026-жылдын 10-мартындагы №42 буйрук менен бекитилген.

Аталган чечимге ылайык, 2026-жылдын 1-мартынан тартып (салыктарды эсепке албаганда) ысык сууга жаңы тариф колдонулууда.

Ошол эле учурда жылуулукка болгон тариф өзгөрүүсүз калганы белгиленди.

Жаңы тариф көрсөтүлгөн күндөн тартып керектөөчүлөр үчүн эсептөөлөрдө колдонулат.

Ишкана жарандарды коммуналдык кызматтарга кеткен чыгымдарды пландаштырууда бул өзгөртүүлөрдү эске алууга чакырат.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз