Башкы беткеМаанилүүБалдар үчүн жөлөк пулдун суммасын көтөрүү каралууда

Балдар үчүн жөлөк пулдун суммасын көтөрүү каралууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн жөлөк пулдун көлөмүн 1500 сомго чейин көтөрүүнү пландоодо.

Бүгүнкү күндө бир балага айына 1200 сом өлчөмүндө жөлөк пул берилет. 2025-жылдын 1-сентябрына карата республика боюнча 16 жашка чейинки 192 миң 218 бала, башкача айтканда 53 миң 680 үй-бүлө жөлөк пул алууда.

2018-жылы жөлөк пулдун көлөмү 810 сомду түзгөн. Ошондон бери акырындык менен көбөйүп, азыркы деңгээлге жеткен. Алыскы жана тоолуу райондордо жашаган балдар үчүн кошумча коэффициент каралган.

Министрлик жөлөк пулдун өлчөмүн жогорулатуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгып, учурда ал башка мамлекеттик түзүмдөр менен макулдашуу процессинен өтүп жатат.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар