whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
22.06.2025
22.3 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомТИМ Лос-Анжелестеги кыргыз жарандарын сак болууга чакырды

ТИМ Лос-Анжелестеги кыргыз жарандарын сак болууга чакырды

Лос-Анжелес шаарында жүрүп жаткан нааразылык акцияларына жана полиция менен кагылышууларга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кошмо Штаттарда жүргөн жарандарга коопсуздукту камсыздоого багытталган сактык чараларын күчөтүүнү сунуштады.

ТИМ учурда АКШда жүргөн жарандарга төмөнкүлөрдү эскертти:

— Баш аламандык болгон же болушу мүмкүн болгон аймактарга барбоо;
— эл көп чогулган жерлерден оолак болуу;
— митинг, демонстрация сыяктуу массалык иш-чараларга катышпоо.

Министрликтин маалыматына ылайык, учурда Кыргызстандын жарандарын кармоо фактылары каттала элек. Өзгөчө кырдаал жаралса, Чикаго шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугуна төмөнкү «ыкчам байланыш» телефондору аркылуу кайрылуу керек:

  • (312) 929-3442

  • +1 (312) 994-2416

7-июнга караган түнү Калифорниянын түштүгүндөгү Лос-Анжелесте АКШнын Иммиграция жана бажы полициясы (ICE) тарабынан өткөрүлгөн рейдден кийин нааразылык акциясы башталган. Los Angeles Times басылмасынын маалыматына ылайык, ICE кызматкерлери мыйзамсыз жүргөн мигранттарды кармоо максатында рейд жүргүзүп, анын жүрүшүндө 44 киши кармалган. Рейд учурунда атайын каражаттар — кулак тундуруучу граната жана көздөн жаш агызуучу газ колдонулган.

Бул окуядан кийин шаардын борбордук бөлүгүнө болжол менен 300гө жакын адам чогулуп, ICEнин аракеттерине каршы нааразычылык билдиришкен. Акция учурунда демонстранттар менен полициянын ортосунда кагылышуу чыгып, укук коргоо кызматкерлери демонстранттарды таратуу үчүн союл жана көздөн жаш агызуучу каражаттарды колдонгон.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги АКШда жүргөн жарандарга коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруп, сак болууга жана расмий билдирүүлөрдү көңүл сыртында калтырбоого чакырат.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар