Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев кеңейтилген өкмөт жыйынында өлкө «суперпрезиденттик» башкаруу формасынан толук түрдө президенттик республикага өтүп жатканын билдирди.
Анын айтымында, жаңы Конституциянын долбоорунда камтылган нормалар Казакстандын саясий тутумунун өнүгүү логикасын бекемдеп, «Күчтүү президент – таасирдүү парламент – жоопкерчиликтүү өкмөт» концепциясына негизделет.
Президент акыркы жылдардагы саясий реформалар өлкөнүн суперпрезиденттик башкаруудан баш тартып, ыйгарым укуктары кеңейген, таасирдүү парламентке ээ президенттик республикага өтүп жатканын көрсөтөрүн белгиледи.
Токаев сунушталган өзгөртүүлөр 2022-жылдагы Конституцияга киргизилген түзөтүүлөрдү кошкондо, мурда башталган саясий жаңыланууну улантарын айтты. Анын сөзүнө караганда, сөз мамлекетти башкаруунун жаңы моделин түзүү жөнүндө болуп жатат.
Жаңы Баш мыйзамдагы өзгөртүүлөр бийлик бутактарынын ортосунда ыйгарым укуктарды кайра бөлүштүрүп, тең салмактуу «каршылык жана тең салмак» системасын калыптандырууга багытталган. Мындан тышкары, бардык саясий институттардын натыйжалуулугун жана туруктуулугун жогорулатуу максаты коюлган.
«Жаңы Конституциянын долбоорунда “адам мамлекет үчүн эмес, мамлекет адам үчүн” деген принцип так чагылдырылды. Биз 2019-жылдан бери ушул багытта ырааттуу кадам таштап келебиз», — деди Токаев.
Жаңы Конституциянын долбоору 31-январда жарыяланган. Анда колдонуудагы 101 берененин 77сине өзгөртүү киргизүү каралган. Реформаны ишке ашыруу атайын Конституциялык комиссияга жүктөлгөн. Аталган орган 130 мүчөдөн турат жана аны Конституциялык соттун төрагасы жетектейт.
Реформанын башаты катары Токаев 2025-жылдын 8-сентябрында элге кайрылуусунда бир палаталуу парламентке өтүү демилгесин көтөргөн. Учурда Казакстандын парламенти эки палатадан — Сенат жана Мажилистен турат.

