2026-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Башкы катчысы Феридун Хади Синирлиоглу менен жолугушту. Жолугушуу анын кызматка дайындалгандан кийинки Кыргыз Республикасына жасаган алгачкы сапарынын алкагында өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен ЕККУнун коопсуздуктун үч негизги багыты — аскердик-саясий, экономикалык-экологиялык жана гуманитардык өлчөмдөрү боюнча кызматташуусун кеңири талкуулашты.
Тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы деңгээлине канааттануусун билдиришти. Министр Жээнбек Кулубаев ЕККУга өлкөдөгү демократиялык процесстерди колдоосу, туруктуулук менен коопсуздукту чыңдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, санариптештирүү, натыйжалуу башкаруу, сот жана укук коргоо системаларын реформалоо, экономикалык өнүгүү, экология жана климат жаатындагы биргелешкен долбоорлордун маанилүүлүгүн белгиледи.
Жолугушууда ЕККУнун Бишкектеги Академиясынин ишмердүүлүгүн колдоо жана аны мындан ары кеңейтүү маселеси да көтөрүлдү. ЕККУнун Башкы катчысы Кыргызстан менен кызматташтыктын жогорку деңгээлин белгилеп, биргелешкен аракеттерди улантууга даяр экенин билдирди.
Мындан тышкары, тараптар аймактык күн тартибиндеги маселелерди, анын ичинде Борбордук Азиядагы интеграциялык процесстерди, ошондой эле коопсуздукка байланыштуу чакырыктарды жана коркунучтарды талкуулап, аларды чечүүдө ЕККУнун механизмдерин колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн карашты.


