Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 2026-жылдын 26–27-март күндөрү Казакстан Республикасына жумуш сапары менен барат.
Иш сапардын алкагында ал Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги тар жана кеңейтилген курамдагы жыйындарына катышат. Жыйындын күн тартибинде соода-экономикалык жана ар тараптуу кызматташтык маселелери каралат.
Мындан тышкары, МинКаб Төрагасы “Digital Qazaqstan – 2026” форумуна катышып, анын алкагындагы санарип долбоорлор көргөзмөсү менен таанышып, пленардык сессияда сөз сүйлөйт.
Иш-чараларга Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Россия Федерациясы өкмөт башчылары, ошондой эле Армения Республикасынын вице-премьер-министри жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы катышат.
Ошондой эле Евразия экономикалык биримдигине байкоочу мамлекеттердин өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, ири IT-компаниялардын жетекчилери жана санарип тармагындагы эксперттердин катышуусу күтүлүүдө.


