Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыЛувр музейинде алдамчылык аныкталды

Лувр музейинде алдамчылык аныкталды

Шейшемби күнү Франциядагы атактуу Музей Лувранда жүргүзүлгөн полициялык операциянын жыйынтыгында онго жакын адам кармалды. Алардын арасында музейдин кызматкерлери жана гиддер да бар экени кабарланды.

Франциянын Le Parisien гезити 10-февралда музейде билеттик алдамчылык схемасын жоюу боюнча ири операция өткөрүлгөнүн жазды. Алдын ала маалыматтарга караганда, шектүүлөр жасалма билеттерди сатып, экскурсияларды мыйзамсыз кайра брондоп келишкен.

Маалыматка ылайык, алдамчылыктын курмандыктары көбүнчө кытайлык туристтер болгон.

Музей полициялык аракеттер болгонун тастыктап, мыйзам бузуу фактылары тууралуу укук коргоо органдарына өзү кайрылганын билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, ири көлөмдөгү алдамчылык уюштурган тармак бар деген шек жаралган.

Лувр жетекчилиги акыркы мезгилде билетке байланыштуу алдамчылык фактылары көбөйүп, ыкмалары да ар түрдүү болуп жатканын белгиледи. Ушуга байланыштуу алдамчылыкка каршы атайын түзүмдүк план иштелип чыгып, ага юридикалык, техникалык жана көзөмөл чаралары, ошондой эле натыйжаларды туруктуу мониторинг жүргүзүү киргизилген.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар