Ооганстан калкынын дээрлик жарымы жардамга муктаж

0
2321

ЮНИСЕФтин акыркы маалыматына ылайык, 2025-жылы Афганистанда болжол менен 22,9 миллион адам, анын ичинде 12 миллионго жакын бала, гуманитардык жардамга муктаж болгон. Бул өлкө калкынын дээрлик жарымына туура келет.

Докладда климаттык апааттардын, экономикалык стагнациянын жана жумушсуздуктун өсүшүнүн гуманитардык муктаждыктарды олуттуу көбөйгөнү белгиленген. Кургакчылык жана суу ташуулар сыяктуу экстремалдуу аба-ырайы азык-түлүк жетишсиздигин күчөтүп, шаарларда жана айыл жергесинде чектелген коомдук кызматтарга кошумча басым алып келген.

Негизги секторлор — суу жана санитария, саламаттык сактоо жана тамак-аш тармактарында каржылоо чектелгенин белгилеп, бул ресурстардын жетишсиздиги кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына таасир этип, жашоо үчүн зарыл материалдардын үзгүлтүккө учурашына байланыштуу кооптонууну күчөткөнүн эл аралык уюмдун маалыматында жазылат.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз