Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагына караштуу Жылалды айылында курулган жаңы орто мектептин имаратынын ачылыш аземине катышты.
Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, айылдагы эски мектеп 50 жыл кызмат өтөп, эскирген. Жаңы имаратты курууга республикалык бюджеттен 152 миллион сом бөлүнүп, 275 орундуу заманбап мектеп пайдаланууга берилди. Анда окуу аудиториялары, китепкана, ашкана, канализация системасы, ысык жана муздак суу менен камсыздоо жана башка бардык шарттар каралган.
Адылбек Касымалиев билим берүү тармагын өнүктүрүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыты экенин белгилеп, акыркы жылдары өлкөдө жаңы мектептер активдүү курулуп жатканын айтты. Анын маалыматына ылайык, 2025-жылы эле Ош облусунда 16 мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилген.
Мындан тышкары, ал мугалимдердин эмгек акысын жогорулатуу боюнча чечим кабыл алынганын айтып, быйыл апрель айынан тарта айлык маяна көбөйөрүн билдирди. Өкмөт өкүлү билим сапатын жогорулатуу өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги шарты экенин баса белгиледи.

