Бишкек-Ош жолу убактылуу жабык

17-февралда саат 12:10 чамасында Чычкан капчыгайы аймагында Бишкек–Ош жолунун эки тилкесине кар көчкү түшүп, автоунаалардын кыймылына убактылуу тыюу салынды.

Транспорт жана байланыш министрлигинин маалыматына ылайык, жолдун эки тарабындагы «Сосновка» жана «Арал» өткөрмө бекеттеринде унаалар өткөрүлбөй, кармалып турат. Кар көчкүнүн узундугу 100 метрди, бийиктиги 5 метрди түзгөн.

Учурда жолду тазалоо иштерин министрликке караштуу №23 жол эксплуатациялоо ишканасы жүргүзүүдө.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу аймактарда жаан-чачынга байланыштуу кар көчкү түшүү коркунучу бар экенин эскертип, жолдор тайгак болуп, муз тоңорун билдирген. Айдоочуларга унаалардын ортосунда кеминде 500 метр аралык сактоо сунушталган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз