17-февралда Улуттук инвестиция агенттигинин жетекчиси Равшанбек Сабиров Италиянын Кыргызстандагы элчисинин орун басары жана Agenzia ICE өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда Кыргызстан Италия үчүн артыкчылыктуу 15 өлкөнүн тизмесине киргени белгилүү болду.
Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүү, ошондой эле B5+1 форматындагы биргелешкен иш-чараларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Кыргызстандын бул тизмеге киргизилиши эки тараптуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө Италия тарабынан стратегиялык кызыгуу жана ишеним артылганын көрсөтөт.
Равшанбек Сабиров өлкө Италия менен кызматташууга өзгөчө маани берерин белгилеп, түз чет элдик инвестициялардын агымын кубаттай турганын айтты. Анын сөзүнө караганда, мамлекет инвесторлордун укуктарын коргоону камсыздап, улуттук мыйзамдарга жана эл аралык милдеттенмелерге ылайык кепилдик берет. Кыргызстан узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөштөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даяр.
Жолугушууда Улуттук инвестиция агенттиги өлкөдө жүргүзүлүп жаткан институттук жана жөнгө салуучу реформалар, инвесторлорду мамлекеттик колдоо механизмдери, ошондой эле энергетика, өнөр жай, агроөнөр жай комплекси жана инфраструктура тармактарындагы артыкчылыктуу долбоорлор тууралуу маалымат берди.
Тараптар диалогдон практикалык кадамдарга өтүүгө даяр экенин ырасташты. Италия менен кызматташуунун кеңейиши Кыргызстанга инвестициялардын көбөйүшүнө жана экономикалык байланыштардын диверсификацияланышына өбөлгө түзөрү белгиленди.

