Башкы беткеЭл аралык мамилеКоопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Ирандын элчиси менен жолугушту

Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Ирандын элчиси менен жолугушту

Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси Голамхоссейн Ядегари менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуялар жана алардын Борбор Азия чөлкөмүнө тийгизген таасири, ошондой эле эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана ШКУнун алкагында аймактык коопсуздукту камсыздоо боюнча кызматташуу тууралуу пикир алмашуу болду.

Адилет Орозбеков жана Голамхоссейн Ядегари муну менен бирге Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын алдыдагы 21-жолугушуусуна карата даярдыктарды талкуулашты.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар