Жекшемби күнү Монголиянын түштүгүндөгү Дундговь аймагында «Тэмээн дээрээс наран ойрхон» («Төө үстүнөн күн жакыныраак») аталышындагы төө фестивалы болуп өттү. Уюштуруучулар иш-чара туризмди өнүктүрүүгө жана төө багуу маданиятын кийинки муундарга өткөрүп берүүгө багытталганын маалымдашты.
Фестиваль Монголиянын президенти Хүрэлсүх Ухнаанын колдоосу астында уюштурулуп, аны Маданият, спорт, туризм жана жаштар министрлиги, Тамак-аш, айыл чарба жана жеңил өнөр жай министрлиги, ошондой эле Дундговь аймагынын губернаторунун кеңсеси биргелешип өткөрдү.
Иш-чаранын алкагында улуттук салттар, төө багуу өнөрү, маданий көрсөтүүлөр жана туристтер үчүн атайын программалар сунушталып, аймактын туристтик мүмкүнчүлүктөрү таанытылды. Фестиваль жергиликтүү калктын салттуу жашоо образын сактоого жана Монголиянын маданий мурасын жайылтууга чоң салым кошот.


