Бирөөгө ор казсаң кенен каз,
Өзүң түшүп калбаска
(Кыргыз эл макалы)
АКШнын президенти Дональд Трамп Венесуэланын президентин кармап алды. Эл аралык укук, мамлекеттердин суверенитети сыяктуу өзөктүү принциптерге доо кетти. Гренландияны алам деп туру. Бул күтүүсүз жана кеңири саясий кесепеттерге алып келиши ыктымал. Кризис Арктика аймагы менен чектелбеси түшүнүктүү. Талаш трансатлантикалык деңгээлге жетип, Европа өлкөлөрүнүн реакциясы дүйнөнүн көңүл борборунда турары көрүнүп калды. Анын Гренландияны өзүнө кошуу боюнча пландары америкалык мыйзамдарга ылайыкпы же жокпу деген суроо пайда болду.
Эксперттердин баамында, Трамптын бул демилгеси өлкө ичинде Конгрессте оппозицияны күчөтүп, анын импичментине же конституциялык кризис-
ке себеп болушу толук мүмкүн. АКШнын укуктук адистери Euronews маалыматтык агенттиги менен маектешкенде ушундай пикирди билдиришкен.
Акыркы күндөрдө коомдук пикирди сурамжылоодо, америкалыктардын басымдуу бөлүгү Гренландияны күч менен басып алуу сценарийин колдобой турганын көрсөтүштү же күч колдонуу планын дээрлик эч ким колдобогон.
Йель университетинин эл аралык укук профессору, мурдагы Мамлекеттик департаменттин юридикалык кеңешчиси Гарольд Хонджу Кох: «Көпчүлүк америкалыктар Трамптын чындап аракет кыларына ишенбейт жана НАТО менен Европага каршы согуш баштайт деп күтүшпөйт. Бирок бир жолу аскер киргизиле турган болсо, коомчулуктун реакциясы абдан чоң болот. Эч ким өз баласын маанисиз кагылышта жоготууну каалабайт», деп билдирет.
Адистер белгилешкендей, президенттин Гренландияга бир тараптуу куралдуу күч колдонууга мыйзамда каралган укугу жок. Бул учурда Конституциялык жана эл аралык укук чек коюп, мындай аракеттерге жол
бербейт.
АКШдагы белгилүү саясий эксперт, Герман Маршалл фондунун Демократия жана коопсуздук тармагындагы улук илимий кызматкери Кэрри Ли – Дональд Трамптын Гренландияны күч менен басып алуу планы мыйзамсыз экенин белгиледи. Анын айтымында, Гренландияга чабуул НАТО боюнча шериктешине каршы согуш актысын түзөт жана мындай кадамга президенттин эмес, Конгресстин уруксаты керек. АКШнын Конституциясынын I бөлүмүнүн 8-беренесине ылайык, Конгресс гана согуш жарыялай алат.
Ал эми Конституциянын 2-беренеси боюнча президент АКШнын аскердик күчтөрүнүн башкы командири катары гана таанылат. Аскердик аракеттер Конгресстин уруксаты менен же өзгөчө кырдаалда гана жүргүзүлөт. Президент Конгресстин уруксаты жок курал колдонуу укугуна айрым учурларда гана ээлик кылат: өзүн коргоо, АКШ жарандарына коркунуч туудурганда же кыска мөөнөттүү аскердик операцияларда.
Гренландияга басып кирүү бул коргоочу эмес, чабуулчу катары мүнөзгө ээ болуп, НАТО союзчусуна каршы жүргүзүлгөн саясат болот. Бул президенттин Биринчи жана Экинчи Дүйнөлүк согуштан бери белгилүү бир тараптуу аскердик укуктарынан ашып кетет. Ли өз сөзүндө белгилегендей, датчандар америкалык кемеге кол салбаса, мындай аракет «чыныгы агрессия» болуп саналат.
Мындан тышкары, 1945-жылдагы Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын 50-беренесине ылайык, эгер ал өзүн коргоо болбосо, башка мамлекетке курал колдонууга жол бербейт. АКШ бул Уставды ратификациялап, ички мыйзам катары дагы кабыл алган. Маалыматтарга ылайык, Устав Гренландия элинин укугун коргойт.
Маастрихт университетинин эл аралык коомдук укуктук профессору Юре Видмар белгилегендей, Дания Гренландияны жергиликтүү элдин макулдугу жок АКШга берсе, бул процесстин тынч мүнөздө өтүшүнө карабастан Гренландиянын өз алдынча болуу укугу бузулган болуп эсептелинет.
Элдин макулдугу жок Гренландияны берүү мүмкүн эмес
АКШ Конгресси Трамптын Гренландияга байланыштуу пландарына каршы жана ошондой эле оппозиция да күн сайын күчөп жатат, ал тургай Республикачыл партия ичинде дагы ушундай көз караштар чыгууда. Мындай кырдаалда президент Трампты колдой турган рес-публикачылар абдан аз. Тек гана Техастын сенатору Тед Круз Гренландия маселесинде Трамптын тарабында экенин билдирген болчу.
Сенатор Том Тиллис, тагыраагы азыркы чакырылыштан чыгып жаткан сенатор, эгер Трамп чындап аскерлерди даярдоого буйрук берсе, эки партиянын мүчөлөрү бириге турганын болжолдоду. Ал «Эгер Гренландияга чыныгы аскерлер киргизилип, мыйзамсыз басып алуу көрүнсө, жетиштүү добуш топтолот, Сенат резолюциясын кабыл алып, ветону жеңип чыгууга мүмкүн болоорун» кыйытты.
Эгер Трамп Конгресстин резолюция-сын көңүлгө албай койсо, мыйзам чыгаруучу органда дагы бир курал бар: аскердик операцияны каржылоону токтотуу. Мындай ыкма мурда президент Ричард Никсондун экинчи мөөнөтүндө колдонулуп, Вьетнам согушунун аякташын тездеткен.
Бул окуя Конгресске 1973-жылы Аскердик укуктар жөнүндө резолюция (WPR) кабыл алууга түрткү берген. Бул мыйзамга ылайык, Конгресстин уруксаты жок президент аскерлерди согушка жөнөтө албайт. Эгер мыйзам чыгаруу органдары бул аракеттерди санкциялабаса жана аскер, жарандык кызматкерлерден барууну талап кылса, Аскердик укуктар жөнүндө резолюция (WPR) боюнча Конгресс аскерлерди 60-90 күндүн ичинде чакырып алуу буйругун бере алат.
Эгер Трамп мындай чараларды көз жаздымда калтырса, Конституциялык кризис жаралат – эки бийлик органы бири-бирине каршы укук талаптарын коюп, тирешүү жаралат. Мындан АКШнын ички саясий абалы абдан эле назик экенин көрүүгө болот.
Гренландия маселеси импичментке алып келеби?
АКШ Конгресси Дональд Трампты сотту сыйлабагандыгы үчүн жоопко тартып, импичмент процедурасын баштоо мүмкүнчүлүгүнө дагы ээ. Республикачыл конгрессмен Дон Бэкон (Небраска) Трамптын Гренландияга болгон кызыгуусун “эң акылсыз нерсе” катары баа-лап, мындай сценарийди болжолдоп жатат. Эгер Трамп чыныгы басып алуу аракетин жасаса, Конгресс анын бийликти ашыкча пайдаланганын, Конституцияны жана америкалык мыйзамдарга кирген келишимдик милдеттенмелерди бузганын жарыялашы мүмкүн. АКШ Конституциясынын VI бөлүмүнүн 2-беренесине ылайык, Конституция, федералдык мыйзамдар жана келишимдер «өлкөнүн мыйзамдары» болуп эсептелет жана бардык башка актылардан артыкчылыкка ээ.
Бирок импичмент процедурасын баштоо өкүлдөр палатасында болушу керек. Ал жерде республикачылар көпчүлүктү түзөт, бирок алардын артыкчылыгы азыркы учурда абдан аз экени айтылып жатат.
Йель университетинин укук таануу боюнча профессору Брюс Аккермандын айтымында: «Трамптын Венесуэлага жана Гренландияга карата жасаган аракеттери ачык эле Конституцияга каршы келет. Бирок республикачыл көпчүлүк, көбүнчө Трамптын берилген тарапкерлери, Сенаттагы добуш берүү процесс-терин бөгөттөй алышат».
Ошондой эле, юрист Кэрри Ли белгилегендей, Аскердик укуктар боюнча резолюция (WPR) “татаал мыйзам” болуп саналат, анткени анын мыйзамдуулугу боюнча талаш-талкуулар токтоло элек. Президенттер аны көп учурда аткарууну өз укугуна чектөө катары баалашкан, бирок согуш учурунда Конгресстин ролун бекемдөөчү механизм катары жактагандар да бар.
Ли кошумчалагандай: «Бардык президенттер кийин WPRди сактаган, бирок анын милдеттүү күчү жок деп эсептеген. Ошондуктан Трамп Гренландияга кирсе, мыйзам бузабы же жокпу – так эмес. Бирок эгер президент аскерлерге шериктешине чабуул коюуга буйрук берсе, бул конституциялык кризиске алып келиши ыктымал. Гренландияга мыйзамдуу түрдө басып кирүү мүмкүнчүлүгүн далилдөө өтө кыйын болот».
Аскердик жана мыйзамдык кризис жаралышы ыктымал
Эгер Трамп чындап буйрук берсе, аскердик команда президенттен коргоо министри аркылуу операцияны көзөмөлдөгөн тиешелүү командирге өтмөк. Кэрри Ли белгилегендей: «Бул учурда командир чечим кабыл алууга мажбур: буйрук мыйзамдуу болсо аткаруу керекпи, жокпу. Ошондо дагы “Бул буйруктар мыйзамдуу беле?” деген суроо жаралышы мүмкүн»
АКШнын аскерлери мыйзамдуу буйруктарга баш ийүүгө милдеттүү. Ошол эле жагдайда мыйзамсыз буйруктарды аткарбоого окутулган. Гренландияга Конгресстин уруксаты жок, НАТО союзчусуна каршы күч колдонуу олуттуу мыйзамдык көйгөйлөрдү жаратат. Укуктук талдоочу Линин маалыматында, мындай учурда командирдин жалгыз жообу: «Бул буйрукту аткара албайм» болмок.
Бирок кырдаал татаал. АКШнын офицерлери Конституцияны коргоо жана ага берилгендиги тууралуу ант беришет, ал бийликтин жана жеке адамдын эмес, өлкөнүн негизги мыйзамы болуп саналат. Жөнөкөй аскерлер да ошондой ант беришет, бирок ага президенттин жана өзүнөн жогорку офицерлердин буйруктарына баш ийүү милдети кошулат – бул учурду белгилөө керек.
Юрист Брюс Аккерман 2016-жылы АКШ армиясынын капитаны Натан Майкл Смитке кеңешчи болуп, ошол учурдагы президент Барак Обаманын Ирак менен Сирияда «Ислам мамлекети» менен согушту Конгресстин уруксаты жок жүргүзгөнү боюнча соттук арызга катышкан. Сот арызды «саясий маселе» деп четке какса да, Аккерман мындай окуялар дагы көптөгөн жылдар бою талкууда кала турганын белгиледи.
Мындан улам, Трамптын Гренландияга күч колдонуу планы аскердик субординацияга чакырык гана болбос-тон, олуттуу соттук күрөштү да жаратат.
АКШнын системасы президенттин укуктарын ашыкча пайдаланууга бөгөт кое алат. Эгер Гренландияга карата чабуул жасаса, ал мыйзам алдында кароого алынат.
Йель университетинин профессору Гарольд Хонджу Кох бул тууралуу мындай дейт: «Бул эч кимди мажбурлоо эмес, эч нерсе маанилүү максат үчүн жасала элек. Бул ачык-айкын тандалма согуш».
Гүлмайрам РАХМАНБЕРДИЕВА,
“Кыргыз Туусу”
(Макала дүйнөлүк басма сөздөгү маалыматтардын негизинде даярдалды)


