27-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин жыйынында мамлекеттик гимнди жаңылоо боюнча сынактын экинчи айлампасына чыккан үч вариант каралды. Депутаттар сунушталган ырлардын текстин жана музыкасын угушту.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөсү, музыка таануучу Чынара Үмөталиева гимн тандоо процесси жогорку кесипкөйлүктү талап кыларын белгилеп, буга чейинки сунуштар мамлекеттик символго коюлган талаптарга жооп бербегенин айтты.
Анын айтымында, экинчи айлампага өткөн үч варианттын музыкалык чечимдери салыштырмалуу салмактуу болгону менен, тексттик мазмуну гимндин идеясына жана маңызына дал келген эмес. Ошондой эле ал азыркы гимн мазмуну жана көркөм деңгээли жагынан кыйла жогору экенин белгиледи.
Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү сунушталган үч вариантты тең колдобой, комиссияга мамлекеттик гимнди тандоо боюнча ишти улантуу тапшырмасын беришти.
Белгилей кетсек, мамлекеттик гимнди жаңылоо демилгеси 2024-жылы көтөрүлүп, бул багытта атайын ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн. Жаңы гимн 2025-жылдын апрелине чейин тандалышы керектиги мурда маалымдалган.

