Гамбург шаарында өткөн Түндүк деңиздин энергетикасы жана коопсуздугу боюнча саммитте Европанын 10 өлкөсү 100 гигаватт кубаттуулуктагы деңиздеги шамал энергетика тармагын куруу боюнча макулдашууга жетишти. Максат — 2040-жылга чейин электр энергиясынын баасын болжол менен үчтөн бирге арзандатуу.
Саммиттин жыйынтыгында Бельгия, Дания, Франция, Ирландия, Люксембург, Нидерланды, Улуу Британия, Норвегия, Исландия жана НАТОнун өкүлдөрү «Гамбург декларациясына» кол коюшту. Документке ылайык, Түндүк деңизде курула турган бирдиктүү шамал энергетикалык тармагы 143 миллион кожолукту таза энергия менен камсыздоого багытталат.
Бул декларация АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Улуу Британиянын Түндүк деңиздеги мунай-газ өндүрүшүн кыскартуу жана жалпы европалык шамал энергетикасын өнүктүрүү пландарын сынга алгандан бир жума өтпөй кабыл алынды.
Улуу Британиянын энергетика министри Эд Милибэнд Трамптын «пайдасыз шамал турбиналары» тууралуу сынына жооп берип, таза энергияны «туура тандоо» деп атады. «Деңиздеги шамал энергетикасы — утуш алып келчү ресурс. Ар бир өлкө өз улуттук кызыкчылыгын көздөйт, биз болсо кайсы багыт туура экенин так билебиз», — деди министр.
Европа Биримдигинин энергетика боюнча комиссары Дан Йоргенсен кайра жаралуучу энергия булактары казылып алынуучу отундарга караганда арзаныраак экенин белгилеп, алар калк жана бизнес үчүн электр энергиясынын баасын төмөндөтүүгө жардам берерин айтты. Ошол эле учурда ал жаңы шамал станцияларын курууга уруксат алуу процесси өтө узакка созулуп жатканын айтып, Брюсселдин декабрда сунуштаган уруксат берүү механизмин тездетүү демилгесинен үмүт артты.
Ал эми Ирландиянын климат жана энергетика министри Дарраг О’Брайен Европада кайра жаралуучу энергияны толук пайдалануу үчүн күчтүү электр тармактары жана өлкөлөр аралык байланыштар абдан маанилүү экенин баса белгиледи.
Декларацияга кол койгон өлкөлөр деңиздеги шамал энергетикасын коммерциялык жана чек ара аралык долбоорлор аркылуу ыкчам өнүктүрүүгө ниеттенип, 2050-жылга чейин жалпы кубаттуулукту 300 ГВтка жеткирүүнү максат кылышууда.


